wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Бүгүн, 24-октябда Ош шаарынын Киров мектебинин жанында 15-20 чакты бала мушташа кеткен.  Алар Киров жана Ж. Бөкөнбаев мектебинин окуучулары болушкан. Натыйжада, Киров мектебинин окуучуларынын бири миздүү курал колдонуп, 1999-жылы туулган К.Ч. нын сол бутуна эки ирет бычак сайып жиберген.

Ошко бүгүн, 24-октябрь таңкы саат 7 ден баштап жылуулук толугу менен берилди. Эми Ош шаардык муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасына караштуу 289 көп кабаттуу үй жана социалдык объектер 1 сутка ичинде толук жылууланмакчы. Ал эми Ош жылуулук берүү борборуна караштуу аймактар бир жума ичинде толугу менен камсыздандырылат. Бул тууралуу маалыматты кабарчыбыз Бегимай Асанова тастыктап кайтты.

26-октябрда Баткен окуясына 16 жыл толот. Ага байланыштуу 21-октябрь күнү Чоң Алайда окуянын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленди. Анткени, Баткен окуясы  бул районго да таасирин тийгизип, 3 жаран набыт болгон. Аларга атап демилгелүү жаштар райондун борборуна эстелик тургузушкан. Эскерүүгө багытталган иш-чара эстеликке гүл чамбар коюу аземине кабарчыбыз Бегимай Асанова күбө болуп кайтты.

2017-жылы “Капиталдык салымдар” беренесин каржылоого ички булактардан 2,9 млрд сом каралды. Анын ичинен кошумча 250 млн сом 4 жаңы лабораторияны курууга жана ЕАЭБдин талаптарына жооп берген ветеринардык диагностиканын аракеттеги 13 зоналык борборун оңдоого жумшалат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйында билдирди.

Мамлекеттик сатып алуулар өлкө бюджетинин чоӊ көйгөйлөрүнүн бирине айланды. Мисалы, 2015-жылы ага 46,6 млрд сом жумшалса, 2016-жылы 53 млрд сомду түзөт, ал ички дүӊ өнүмдүн 10,6 пайызына барабар. Бул тууралуу депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин республикалык бюджет маселелерине арналган кеӊейтилген жыйында билдирди.

Кыргызстандын тышкы карызын жабууга жалпы чыгашанын 20 пайызы жумшалууда. Эл аралык эрежелерге ылайык, бересе төлөөнүн чеги жалпы чыгашанын 20 пайызынан ашпашы абзел. Бул тууралуу бүгүн парламентте финансы министри Адылбек Касымалиев билдирди.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгат. Бул тууралуу ушул фракциянын депутаты Дастан Бекешов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Арыздарды кабыл алуу: 2016-жылдын 29-октябрына чейин. Электрондук дарек: Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

“Октябрь айына карата негизги натыйжа экономикалык өсүштө оң тенденциянын орун алганы болду. 2016-жылдын август айынын башына чейин экономикалык өсүштө терс динамика гана болуп келген. Ушул экономикалык өсүштү жана макроэкономикалык туруктуулук тенденциясын сактап калуу үчүн Өкмөт экономиканын бардык секторлорундагы максаттуу көрсөткүчтөрдү камсыз кылууга, каатчылыкка каршы чаралардын пакетин сапаттуу ишке ашырууга жана иштиктүү активдүүлүккө дем берүүгө багытталган чараларды көрүп жатат”, – деди Кыргыз Республикаснын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин кеңейтилген жыйынында.

2016-жылдын сегиз айынын жыйынтыгы менен улуттук валютадагы депозиттердин көлөмү 10,3 миллиард сомго өскөнүн Улуттук банк билдирди деп жазды "Сутник"

Страница 1 из 2

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79