wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Кыргызстанда балдар үйлөрүндө тарбияланып жаткан балдар-кыздардын жатак-мектептерди бүтүрүп чыккандан кийинки тагдыры тууралуу маалымат жок. Жакындары жок бала интернаттан чыккандан кийин кимдин үйүнө бараары жана кайда жашаары тууралуу кызыккан киши жок. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин коомдук кеңешинин төрайымы Анаркан Касмалиева билдирди.

Жогорку Кеңеш жаш жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун 3-окууда жактырган менен, ага мамлекет башчысы тарабынан азырынча кол коюла элек.

Ал ортодо Ак-Талаа районундагы  бир үй-бүлөдөн мектепти бүтө элек эки өспүрүм турмуш жолуна аттанды. Мыйзам күчүнө кирсе, натыйжасы жакшы болот дейт демилгечи Аида Салянова.

Кара-Суунун Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кур айылын эки жыл мурун сел каптаган. Кырсыктан №114 "Кара-Кур" орто мектеби жараксыз абалган келген. Эки жылдан бери жаңы мектеп бүтпөй, окуучулар үйлөрдө окуп жатышат. Жеке турак-жайлардын абалы дагы жакшы эмес, электр жарыгы жок, эскилиги жеткен, кароосуз калган үйлөр. Кантсе да эски мектептин абалынан жакшы дешет мугалимдер. Жаңы курулуштун болсо пайдубалы дагы толук бүтө элек экен. Ага керектелүүчү каражат бөлүнбөй жатканы себеп.

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79