wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

1 Грецияда аял өзүнүн туулган күнүндө башчысын каалашынча сөгө алат.
2 Данияда жигити сүйгөн кызын биринчи жолу макияжы жок көргөндө 51 роза бериш керек.
3 Японияда кардар акчаны төлөбөй койгонго укуктуу эгер сатуучу көз айнексиз отурса.
4 Мексикада мобилдүү телефонду 14 жашка чейинкилер гана колдонго уруксат.
5 Аргентинада ит сизге кол салса аны таш менен же башка нерсе менен урганга болбойт жөн гана    аны коркутасыз.
6 Канадада болсо шишкебекти аялдарга гана жегенге уруксат берилет.
7 Жаны Зеландияда колду ажатканага кирерден мурун жууйсуз, чыккандан кийин жууганга тыюуу салынган.
8 Индияда пилдер менен политика жөнүндө сүйлөшкөнгө болбойт.
9 Японияда баланы каратеге берүүгө тыюу салынат эгер бала Майк Тайсонго окшош болсо
10 Норвегияда иттерге катарынан 44 жолу үргөнгө тыюу салынган.

11 Индияда бир жылда бир жолу эле ыйлаганга уруксат.
12 Ирландияда мышыктар менен эркектер гана уктай алат.
13 Грецияда аялын эркелетип атаганга болбойт, өз аты менен гана чакырасың.
14 Индияда кулагы көзөлбөгөн кыз нан сатып ала албайт.
15 Японияда 2 телефондон аз алып жүрүүгө тыюуу салынат.
16 Индияда банкка сүйүү жөнүндө ыр ырдамай сайын кезеке турууга тыюу салынат
17 Сербияда оозун жуубаган адамды өлтүрүп салууга уруксат

Куудул Жеңишбек Айтиевдин уулунун өлүмүнүн чоо жайы тууралуу Ош  шаардык милициясы расмий маалымат таратты.

Бүгүн, 21-октябрь күнү саат 12.30 чамасында Ош шаарынын Гостелло көчөсүндө өспүрүмдүн бычакталганы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Оперативдик топ барганда, Айтиев Туратбек Женишбековичтин жансыз денеси табылган. 13 жаштагы өспүрүмдүн көкүрөгүндө жана моюнунда бычактын бир нече изи болгон.

Алып баруучу, ырчы, куудул Жеңишбек Айтиевдин уулу киши колдуу болуп каза тапты. Бул тууралуу бүгүн Ош ШИИБнин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын жети  кереметинин бири - Өзгөн мунарасы. Жакында ЮНЕСКОнун тизмесине киргени турат. Бирок учурда анын абалы көңүл жылытаарлык эмес. Анткени, мунараны көргөнү келген жаштар өчпөй турган боёктор менен өз ысымдарын дубалга жазып кетүүнү адат кылды. Тарыхый жайдын кызматчысы Жалалидин Шарабидинов тазалоо жүргүзгөндөн соң мунаранын кыштары сынып, сапатын жоготууда дейт.

Баш мыйзамдын түп нускасы- өлкөнүн тарыхы, элдин келечеги, мамлекеттин намысы. Мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү каалап, эки жаатка бөлүнгөн бийлик төбөлдөрү буга чейин эмнеге ишенди? Бул суроо коомчулуктун талкуусунда, ар кандай пикирди жаратууда.

Дүйнөлүк тажрыйбага таянганда деле Конституцияга жоопкерчилик президенттик аппаратка жүктөлүп, сактоо алардын милдети экенин депутат Аида Салянова “Ынтымакка” билдирди.

Ош шаарындагы тротуарлардын көпчүлүгү соода жайларга айланган. Самсакана, дүкөн, дарыкана, партиялардын штабы, айтоор, бизнес объектилери жол жээгин ээлейт. Мындан улам жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык гана эмес, өмүрүнө коркунуч да жаралууда. Күркө ээлери болсо мэриядан, архитектурадан уруксат алганбыз дешет.

Мектеп учурундагы ар бир көз ирмем, жада калса  колдонгон окуу куралдарыбызда балалыктагы бактылуу күндөрүбуздү эске салат. Аларды сатып алууда сапатына эмес сүрөттөрүнө көңүл буруп, сыясы түгөнө элек жакшынакай калемди көрүп калсак, аны алып эскисин ыргытып жиберген учурларды эстеп, калем сап тууралуу төмөндөгү кызыктуу фактыларга көз чаптырыңыз.  

Тажикстан 12 жылдык милдеттүү окуу системасын 2020-жылдан тарта баштайт. Мындай маалымат өлкөнүн Билим жана илим министри Нуриддин Саиддин Кытайдын Билим берүү министри Чжу Чживен менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы маалымдады. "Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун маселелери талкууланды",-деп кошумчаланат билдирүүдө.

Бүгүн, 21-октябрда Ички иштер министрлигинин жыйыны болуп жатат. Бишкектеги кабарчыбыз Гүлзара Бакаеванын айтымында, министрликтин өкүлдөрү 9 айдын жыйынтыгы боюнча маалымат берүүдө.

Түркмөнстан менен Кытай космикалык изилдөөлөр тармагында кызматташуу мүмкүндүктөрүн караштырып жатат. Бул тууралуу жергиликтүү түркмөн ММКлары жазышты.

Страница 1 из 3

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79