wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Аксынын Тосту айылынын тургуну Жийдегүл Мавлянова сырды колго даярдайт. “Базардагы сыр зыяндуу” деген Жийдегүл балдарына өз колу менен бул даамды даярдап берүүнү чечкен. Анан башкалардан буюртмалар түшө баштаганда, сыр жасоо – үй-бүлөнүн киреше булагына айланды.

Бишкек-Ош унаа жолундагы  жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. 

Өзгөн району эгер күн сууктап кетсе 15-ноябрды күтпөй эле жылуулук бере баштайт. Муну Өзгөн аймактык ооруканасынын башчысы Сатар Жусупов да тастыктады. “Анткени, колубузда уруксат кагазы бар”,-дейт ал.

Ош шаарындагы жөө адамдар үчүн салынган жолдордун көпчүлүгү соода жайларга айланган. Самсакана, дүкөн, дарыкана, айтоор бизнес объектилери жол жээгин ээлейт. Мындан улам жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайсыздык гана эмес, өмүрүнө коркунуч да жаратууда. Күркө ээлери болсо мэриядан, архитектурадан уруксат алганбыз дешет. 

Дотациядагы айыл өкмөттөр абалдан чыкса болот. Мындай практиканы Аксы районунданы Кашка-Суу айыл аймагы колдонуп көрдү. Жергиликтүү бийлик тойкана куруу менен казынага акча жыйнап ошол эле учурда элге шарт  түздү. Тагыраагы, эми жашоочулар бир той үчүн Аксынын борборуна барып убара тартышпайт.

Өзгөн районунун кышка даярдыгы боюнча суроо салган кабарчыбыз Нуржамал Баргыбаевага район башчылары элге арзан баада көмүр сатылып жатат деген маалыматын айтты. Аталган райондун акиминин орун басары Алишер Бакышевдин айтымында, быйыл райондо көмүр казуу былтыркыга салыштырмалуу көп болгон. “Көмүр казуу 128% ды түзүп, Алайдан да көмүр келип түшүүдө. Быйыл запас көп десек болот”-дейт Бакышев.

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков “Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү планы жана келечеги” деген тегерек столдо билдирди.

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин он окутуучусу сүрөт көргөзмө уюштуруп жатат. Анда мугалимдердин Ысык-Көлдү сүрөттөгөн эмгектери коюлууда. Иш-чара үч күнгө уланып, ага мугалимдер менен студенттер чакырылган. 

Өзгөн районунун социалдык объектилеринде кышка карата даярдыктар жанданды. Бул жагдайга аталган районго барып кабарчыбыз Нурмажал Баргыбаева күбө болуп кайтты. Ага ылайык, учурда райондун карамагындагы 96 билим берүү мекемелерине көмүр жеткирилди.

Капысынан жааган кар көпчүлүктү жүдөттү. Бөлмөлөр муздап, электр энергияга болгон көз карандылык күчөдү. Бул түйшүк Адылбек Навразувдун үй-бүлөсүн да четтеп өткөн жок.

Страница 1 из 3

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79