wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери үч жүз миңден ашуун балдары бар үй-бүлөнү кыдырып чыгышты. Анын жыйынтыгында өлкө аймагында мигранттар калтырган 56 миңден ашуун бала калганы аныкталды. Анын ичинен 637 бала көзөмөлгө берилген, 136 бала калыбына келтирүү жана кризистик борборлорго жайгаштырылган. 

Эртең, 20-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоо этектеринде кар жаашы мүмкүн. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголот болот. 

Парламентте 2010-жылы референдумда кабыл алынган Баш мыйзамдын түпкү нускасынын кайда экени тууралуу талаш чыкты. Депутат Данияр Аттокуров укук коргоочу Токтайым Үмөталиева Баш мыйзамдын түпкү нускасы кайда экени тууралуу маселе көтөргөнүн айтып, аталган нуска кайда экенин тактоону өтүндү.

Кыргызстандын тоолуу аймагы – Нарында алгачкы жолу Борбор Азия университети ачылды. БАУнин расмий ачылуу аземи бүгүн, 19-октябрда болуп өткөнүн Нарындан кабарчыбыз Алмаш Бараталиева билдирди. Аземге Ага-Хан өзү, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана башка бир катар ишкерлер катышты.

Өкмөт 2017-жылдын 15-майында аналогдук берүүлөрдү өчүрүп, кыргызстандыктарды толугу менен санарип телекөрсөтүүгө өткөрүүнү пландоодо.

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиеванын төрагалыгы астында калкты социалдык жактан коргоо жана балдардын укугу боюнча координациялык кеңештин кезектеги жыйын өттү.

Жергиликтүү кеңешке шайлоого үгүт өнөктүгү 11-ноябрда башталат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

«Ислам мамлекети» деп аталган топтун согушчандары өздөрүн коргоодо Мосулдун жайкын тургундарын колдонуп, аларга шаарды таштап чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүн бербей жатат. Бул тууралуу Пентагондун расмий өкүлү Джефф Дэвис билдирди деп жазат БиБиСи.

Бишкек-Ош жолунун 127-128-чакырымдарында жол тыгын болуп калбашы үчүн алдын-алуу жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Бүгүн,19-октярбда “Ынтымак” телеканалы Кыргызстан чемпионатынын 15-турундагы “Алай” - “Дордой” командаларынын футболдук мелдешин тартуулайт. Спорттук иш-чара кечки саат 20:05 те көрсөтүлөт. 

Страница 1 из 2

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79