wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

2017-2018-жылдары жердин силкинүүсү көбөйүп, 4-5 баллга жеткен учурлар катталышы мүмкүн. Бирок бул катуу зилзаланын белгиси эмес. Мындай пикирди Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов Sputnik маалымат агенттигине билдирген. "Жер титирөө кээ бир жылдары арбып, кээде азайчу жөнөкөй эле көрүнүш. Келе жаткан жылы силкинүү болбошу деле ыктымал. Балким, 4-5 баллга жеткен титирөөлөр болот", — дейт Абдрахматов.

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарындагы Семетей кинотеатрында “Үркүн” тарыхый көркөм тасмасынын расмий бет ачаар аземи өткөрүлдү. Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Ж. Ормонов баштаган бир катар ишкерлер катышты. Өз сөзүндө Ормонов тасманын жаратуучуларына алкыш айтып, ыраазычылык дипломдору менен сыйлады.

Бул жаңычылдык алдыда өтө турган жергиликтүү кеңештерди шайлоого даярдык катары жүрүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Ош шаардык муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасынын кызматынан пайдаланып, бирок өз убагында акы төлөбөгөн абоненттердин иши сотко өткөрүп берилүүдө. Бул тууралуу аталган ишкананын директорунун орун басары К. Укулов yntymak.kg сайтына билдирди.

Ошто Ички иштер министрилигинин кенже лейтенанты  Нурлан Сайдиевдин жаркын элесине арналган спорттук мелдеш башталды. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Нуржамал Баргыбаева маалымдады. Мелдеш жергиликтүү жана облустардан келген милиция кызматкерлеринин арасында өтүп жатат. Алар спорттун 6 түрү боюнча күч сынашып, оюндардын жыйынтыгы эртең, 19-октябрда чыгарылат.

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Санкт-Петербург шаарында 2015-жылдын 19-июнунда кол коюлган КР менен РФ ортосундагы КР жарандарынын РФ аймагында жана РФ жарандарынын КР аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун жактырды.

Ушул 2016-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен окуу китептерин басып чыгарууга 120 млн сом бөлүнгөн. Ага 24 аталыштагы 602 миң нускадан турган окуу китептери даярдалган.  Анын ичинде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерге 306 миң нускадан турган 5 аталыштагы окуу китеби басылып чыккан. Ал эми окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 9 аталыштагы 233 200 нускадагы китеп даярдалган. Мындай маалыматтар бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында тааныштырылды. 

 

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 19,4% аз деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Суу чыгарууга өкмөт бөлгөн 1 млн сом сом жетпей, айылдыктар да акча чогулта баштады. Бирок 2 миң сомду чөнтөгүнөн чыгарууга чамасы жетпегендер да бар.

Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Коргон айылында 6-7 жаштагы уулдарын мушташтырган эки атанын аракети Өзгөн райондук сотунда каралып, алар 2 айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Ош облусттук ИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79