wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Оштуктардын арасында "Ошко келсең биринчи Сулайман-Тоого чык, анан Изюмга бар" деген кеп бар. Чын эле шаарга алгач ирет келгендер, жергиликтүүлөр сапатка жараша эс алуу жайын тандашат. Бул дегени "Изюм" эс алуу жайынын тейлөөсү көпчүлүктү канааттандырат дегениби же..? Бул суроого "Түштүк борбор" программасы жооп издеп көргөн.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети кыргыз жарандарына Орусиянын аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берген келишимди жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Мындай келишимге эки өлкөнүн өкмөттөрү 2015-жылдын 19-июнунда кол коюшкан. Ага ылайык, кыргызстандыктар 30 күнгө чейин Орусияда каттоосуз жүрүүгө уруксат алат. Учурда Орусиянын аймагында жети күн каттоосуз жүрүүгө болот.

15-октябрда футбол боюнча Кыргызстан Топ Лигасынын алкагында өлкө чемпиону Алай менен Бишкектин Дордойу беттешти. Оюн Ош шаарындагы А. Сүйүнбаев стадионунда өтүп, беттеш эки команданын тең чыгуусу менен аяктады.

Биринчи бөлүмдө стадионго келген 4 миңдей күйөрман гол көрө алган жок. Экинчи бөлүм аяктап, кошумча 4 мүнөттө Дордой пенальтиден эсепти ачты. Оюн бүтөөрүнө бир мүнөт калганда Алай да 11 метрден гол киргизип, жеңилүү ызасын четтеп өттү.

Өткөн апта соңунда Казакстандын сенаты Тажикстан менен стратегиялык кызматташтык тууралуу келишимди ратификациялады. Документке эки өлкө өткөн жылдын 14-сентябрда Нурсултан Назарбаевдин Дүйшөмбүгө расмий сапары маалында кол коюшкан. Өткөн жылдын декабрында аталган документти Тажикстандын парламенти ратификациялаган.

Августта Казакстандагы провайдерлер алардан трафик сатып алган кыргыз кесиптештерине интернетке баалар 2-3 эсе кымбаттай турганын эскертишкен. Ошондон бери эки өлкөнүн операторлорунун сүйлөшүү, талашып-тартышуулары токтой элек. Аларга ал тургай Орусиянын жана ЕАЭБдин монополияга каршы органдары да кошулушту. 

"Ынтымактын" өнөктөшү - “Мейкин Азия онлайн” тараптардын бардык жүйөөлөрүн изилдеп, эмне үчүн кыргызстандыктар көбүрөөк акча төлөшү керектигин аныктаганга аракет кылды.

Ошто "Курманжан датка" аталышындагы студенттик кыздар жатаканасы ачылды. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Нуржамал Баргыбаева маалымдады. Ачылуу аземге Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов катышып, демилгечилерге ыраазычылык сөзүн айтты. 

Финляндиялык улуттук Finnair авиакомпаниясы жүргүнчүлөрдүн учакка Samsung Galaxy Note 7 смартфонун алып чыгуусуна тыюу салды. Сентябрдын башында авиакомпания аталган смартфондун кубаттагычтарын бортко алып чыгууга тыюу салган. Бирок, бул учурда кол баштыктарда телефонду алып жүрүүгө уруксат бар болчу.

Кара-Суунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу  Таштак айылында арыктагы суу турак-жайларды каптап жатат. Андагы жашоочулар сууну токтотулбаса, убакыттын өтүшү менен баш паанектеринен кол жууп калышаарын билдиришүүдө.

Жалпы 400 метрлүү арык 17 үйдүн кыры менен талаадагы сугат аянттарына өтөт. Дыйкандарга суу берилгенде арыкташ ашкан суу үйлөрдү каптап, тургундарга чыгаша жаратат. Анткени, 60 жыл мурда ишке түшкөн цемент арыктын бетондору эскирип, дээрлик жарактан чыккан. Аталган айылдын тургуну Н. Арзиева тосмону жыл сайын өздөрү оңдоп-түзөп жатышканын айтат. “Арыкты толук ремонттоого каражат жетишпей, колубуздан келишинче бүтөп келе жатабыз”,-дейт ал.

“Ак-Буура” аймактык кеңешинде М.Мадумаров жана “Манас-Атадагы” авиашаарчада жаңы жолдор пайдаланууга берилди.

Ушул жылдын ноябрь айынын орто ченинде Куала-Лумпурда кыргыз-малайзиялык бизнес форуму өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы билдирди. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-15-ноябрь күндөрү кыргызстандык ишкерлер форумга катышуу үчүн иш сапар менен Малайзияга барышат. "Кыргызстан менен Малайзиянын ишкерлери бири-бири тууралуу дээрлик эч кандай маалыматка ээ эмес экендиги байкалды", — деп айтылат билдирүүдө. 

Страница 1 из 2

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79