wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Буга Казакстан тараптагы провайдердин интернетти өчүрүү ыктымалдыгы тууралуу маалымдамасы себеп болууда. Акнеттин сайтында жазылгандай, казакстандык провайдер эки өлкөнүн монополияга каршы күрөшүү кызматтарынын (бааларды төмөндөтүү боюнча) келишимдерин жокко чыгаруу менен интернетти өчүрүүдө. Казакстандык өнөктөштөрдүн бул аракети кыргыз бийликтерине ишенимди азайтат-деп жазылган эскертүүдө.

Кара-Суунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу  Таштак айылында арыктагы суу турак-жайларды каптап жатат. Андагы жашоочулар сууну токтотулбаса, убакыттын өтүшү менен баш паанектеринен кол жууп калышаарын билдиришүүдө. Жалпы 400 метрлүү арык 17 үйдүн кыры менен талаадагы сугат аянттарына өтөт. Дыйкандарга суу берилгенде арыкташ ашкан суу үйлөрдү каптап, тургундарга чыгаша жаратат.

Араван районунун С. Юсупова айыл өкмөтүнүн №1-дарыгерлер борборундагы көйгөй гранттын эсебинен чечилмей болду. Мындай жаңылыкка аталган аймакка барган кабарчыбыз Нуржамала Баргыбаева күбө болуп кайтты.

Буга чейин жана азыркы кезде да №1-дарыгерлер борборунун ар бир бөлмөсүндө экиден дарыгер бейтаптарды кабыл алып, аял, эркектерди текшерүүдө көйгөй жаралууда. Жада калса, кош бойлуулар келгенде эркек врачтар сыртка чыгып турууга мажбур болушат.

Дүйнөлүк туристтик уюм 2018-жылы өтө турган III Көчмөндөрдүн оюндарын Кыргызстан менен кошо өткөрүшмөй болду. Бул тууралуу Монголияда өтүп жаткан Көчмөн туризм жана Жибек жолундагы шаарларды туруктуу өнүктүрүү боюнча аталган уюмдун жыйынында белгилүү болду. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдирүүсү боюнча жыйын алкагында Дүйнөлүк туристтик уюмдун башкы катчысы Талеб Рифаи КРдин Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов менен жолуккан. Иш-чарада Кыргызстандагы туризмди араб өлкөлөрүнө жайылтуу, Монголия менен Кыргызстандын көчмөн цивилизациясынын бирдиктүү туристтик өндүрүмүн түзүү маселелери талкууланды.

43 күн комада жатып, төрөт үйүндө каза болгон Айнура Сагынбаеванын иши боюнча сот өкүм чыгарды. Төрөтканын үч кызматкери 4 жылга ачык кесилди.

Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, кармалгандар Бириккен араб эмирлигинин жарандары болуп чыкты. Кабарлоого ылайык, бүгүн, 14-октябрда аэропорттун паспорт көзөмөлүнүн кызматкерлери эки арабдын баскан-турганынан шектенип калышкан. Бирок алардын документтери жайында болгондуктан, унчугушкан эмес. Арабдардын шек туудурган кыймыл-аракетин учактын узатуучусу да байкап, чек арачыларга маалымдаган. Тинтүүдө араб жарандарынын кең өлчөмдөгү багалектеринин ичинен 4 ителги табылган. Алар ителгилердин башына томого кийгизип, канат-куйруктарын байлап, шымдын ичиндеги (атайын тигилген) кошумча чөнтөгүнө салып, алып өтүшкөн.

Шектүү тапанчаны Навои паркында сатып жаткан жеринен колго түшкөн.

Мамлекеттик тейлөөлөрдү электрондук форматка өткөрүү мамлекеттик органдардагы жарандарга тейлөө көрсөтүү жаатындагы коррупциянын деңгээлин кескин төмөндөтүүгө көмөктөшөт. Бул премьер-министри Сооронбай Жээнбеков  Кыргыз Республикасында электрондук мамлекеттик тейлөөнү жана сервис тутумун киргизүү боюнча пилоттук долбоордун бетачарынын жыйынтыгы боюнча билдирди.

Кытай инвестициясы  өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө олуттуу салымын кошууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев  соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынында билдирди.

Страница 1 из 2

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79