wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Жогорку Кеңештин депутаттары референдумда баш мыйзамга каралган өзгөртүүлөрдүн ар бирин бюллетенге өзүнчө киргизүү жөнүндө сунушту колдошкон жок. Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеп жаткан мыйзам долбоорунда баш мыйзамга отуздан ашык өзгөртүүлөр каралган. Ушунча суроого бир эле жооп менен добуш берүүнү оппозициядагы саясатчылар сынга алууда, -деп жазат БиБиСи кыргыз кызматы.

Бул тууралуу Ош облустук прокуратурасынын өкүлү Айбек Турганбаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, балдарын аянбай мушташтыргандарды ата-энелик укуктарынан ажыратуу маселеси каралууда.

Ар бир айыл өкмөт 21 миң долларлык сертификат алышты. Гранттар Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Кара-Кулжа, Араван райондорундагы айыл аймактарга берилди.

Кырсыктын биринчиси кечээ таң эрте Ош-Бишкек жолунда, экинчиси түнгө маал Өзгөн-Кара-Кулжа жолунда жүз берген.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев актер Азиз Мурадилаевге операция үчүн материалдык жардам көрсөтүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады. Ага ылайык, актёрго өлкө башчынын социалдык коргоо жана колдоо фондунан 500 миң сом бөлүнөт.

Samsung компаниясы сатыкка чыгарган Galaxy Note 7 смартфондору дүйнөлүк рыноктон алынды. Ага аппаратагы көйгөйлөр себеп болгон. Корпорацияга кардарлардан, телефондун жарылып кетүүсү тууралуу жүздөгөн даттануулар келип түшкөн. Жыйынтыгында аталган компания, смартфондорду сатыктан алып салууга туура келди.

Таиландда террордук чабуулдарга байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Тартип сакчыларынын айтымында, буга чейин өлкөнүн түштүгүндө жүз берген теракттан кийин, дагы бир нече ирет куралдуу кол салуулар болушу мүмкүн деген билдирүү түшкөн.

1 күндө кан тапшырганы 50 гө чукул адам келет. Ошентсе да, кан борборлорунда донорлордун саны аз бойдон калууда. Келгендердин көпчүлүгү жакындары оор абалдагылар. Ал эми өз каалоосу менен келгендердин саны Ош шаарында 4 % гана. Ошол себептен, көбүнчө ооруканада болушу керек болгон кан нормасы төмөндөп кетет.

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79