wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Педагогикалык адистиктерде билим алып жаткан студенттердин стипендиясын эки эсеге көтөрүү керек. Мындай сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди. Айтымында, бул үчүн бюджеттен 31 миллион сомдун тегерегинде кошумча акча керек болот. 

Евробиримдик Грецияга 1 миллиард 100 миллион евро өлчөмүндөгү акча бөлдү. Мындай кадам буга чейин Афинада жүргүзүлгөн экономикалык референдумга байланыштуу болду. Макулдашылган сумманын бир бөлүгү мөөнөтүнөн мурда которулуп жатканына, референдумдун жогору бааланган жыйынтыгы себеп болгонун бийлик өкүлдөрү жашырышкан жок.

Түркияда террордук чабуулдардын курмандыктарын эскерүү күнүндө башаламандыктар чыкты. Чогулган элди таратуу үчун тартип сакчылары күч колдонууга аргасыз болушкан. Белгилей кетсек, өткөн жыла Анкарадагы теракт өлкө аймагындагы эң кандуу кырсык деп бааланып, анда 100дөн ашуун киши каза болгон эле.  Ошол кырсыкта курман болгондордун жакындары, эскерүү үчүн теракт катталган жерге чогулушту.

Жалпы 3 миң калкы бар Ойтал айылы (Кара-Кулжа району) кооптуу аймакта деген корутунду 2010-жылы эле берилген. Аларды чукул арада чыгарып кетүү тапшырмасы ошол эле жылы жергиликтүү бийликке жүктөлгөн. Анын натыйжасында, 11 кожолук мамлекет тарабынан коопсуз жайга көчүрүлүп, калгандары ссуда, жер тилкесин ала электиктигине байланыштуу кооптуу жайда жашоосун улантып келе жатышат. 

Кара-Кулжа районунун Күйө-Таш айылынын тургундары ветеринардын жетишсиздигинен көп жылдан бери жапа чегип келген. Ары быйыл жамгыр аз жаап, кургакчылык болгону себептүү мал-жандыктар түрдүү ооруларга чалдыкты. Аталган айылда болгону бир гана ветеринар болуп, көп учурда мал доктур шаардан чакырылчу. Муну менен катар айыл аймагында ветеринардык дарыкана жок жана вакциналар жетишсиз.

Азыркы күнгө келип  Ош муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” 11 506 абонентти, ал эми Ош шаардык “Жылуулук электро” борбору 15 миң абонентти тейлеп жатат. Тактап айтканда, Ош шаардык “Жылуулук электро” борбору 9 оорукана, 17 мектеп жана 13 балдар бакчасын жылуулук менен камсыздайт. Ал эми Ош муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” 76 ишкана, 234 көп кабаттуу, 106 жеке менчик үйлөрдү тейлөөдө.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын кампасынан курал-жарак уурдалганы боюнча 26 офицер жана прапорщик кызматынан алынды. Бул тууралуу Zanoza.kg порталына күч түзүм өкүлдөрү билдиришти.

Ош шаарындагы №12 Н.Крупская орто мектебинин жетекчилиги  окуу жайда иштебеген эки жаранга айлык чыгарып, өзүнө ыйгарып жүргөн. Бул мыйзамсыз жорук 2008-жылдан бери 8 жыл уланган.

Мектеп директору 6 балага мыйзамсыз аттестат бергенин жашырам деп, өткөн аптада милицияга $100 пара берип жатканда кармалган.

Мындай билдирүү Ош шаардык кеңеши тарабынан түзүлгөн комиссиянын ишканаларды, көп кабаттуу үйлөрдү текшерүү учурунда айтылды. Текшерүүдө Ош муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” мекемеси тендер жарыялоо аркылуу кышка жетишерлик көмүр камсыздаганы айтылды. Ал эми Ош шаардык “Жылуулук электро”быйылга 17 миң тонна мазут жана газ камдаган.

Страница 1 из 3

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79