wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Өзгөн районундагы милициянын ардагерлери интернетке тараган "Өзгөндөгү өзгөчө той"аталышындагы макалада маалыматтар туура эмес  жазылаганын айтып чыгышты. Макалада Өзгөн РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмү кесиптик майрамын тойго айлантып, 150 кишиге жылкы, 10 чакты кой союлуп, конвертин көтөрүп, куттуктап кетишкендердин аягы үзүлбөптүр деп жазылган.

Көз жоосун алган дүйнөнүн ар кайсы булуң-бурчунда сейилдеп эс алууга ыңгайлуу болгон фантандардын түрүн кездештирүүгө болот. Суу агымы каттуу агып, өзгөчө сырды өзүнө каткан, сиздер көрүп турган бул фонтандардын агымында тунук суу түтүкчөлөрү жашынып, сырттан караган адамга  кран абага илинип тургандай көрүнөт. Бул атайын иллюзия Испаниянын Менорка аралында орун алган. Ошондой эле конструкция Бельгияда, АКШ, Канадада Туштук Испанияда да жайгашкан.

10-октябрда казак тараптын демилгеси менен Өзбекстандын президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин ортосунда телефондук сүйлөшүү болду.

Президент Алмазбек Атамбаев 12-октябрда Грузияга эки күндүк расмий сапары менен барып, эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. 14-октябрда Арменияга барып, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79