wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Маалыматтардын архиви

Бул тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-октябрда кол койду. Тийиштүү мыйзам жана чечимдер кабыл алынып бүтсө, ал күнү Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум  да өтөт. 

Орусияда иштеп жүргөн 6 бала Оштогу мектептерден окууну бүттү деп, атестат алган. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош ШИИБнин маалымат катчысы билдирди.

Атестат үчүн 100 доллар пара берип жаткан учурда Ош шаарынын мектептеринин биринин директору кармалды. Ош шаарынын тургундары буга чейин милицияга арыз менен кайрылышкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 16 жаштагы кызды кордоп, акча талап кылган кылмышка шектүү деп 18 жаштагы кызды кармады. Буга чейин милицияга кыздын энеси арыз менен кайрылган. Анда эне кызынын бейтааныш кыздар тарабынан кордукка кабылганын жана 4000 сом талап кылышканын жазган.

Ош шаарында өтүп жаткан 8-республикалык театыралдык фестиваль "Саманчынын жолу" спектакылы менен жыйынтыкталды. Каргашалуу согуштагы кыйынчылык турмушту бир үй-бүлөө аркылуу чагылдырып берген окуя  мындан ары кылымдар бою жашайт деп баалашат маданият аалымдары.

Повестте жазылгандай эле  Толгонай менен Субанкул мынтип түбөлүкө баш кошуп,бактылуу турмушту башташат. Эмгектеринин арты менен  үйлүү-жайлуу болууга жетишишти. Эң  негизигиси 3 уулдуу болушуп, күнүмдүк жашоолору өз нугунда өтүп жаткан. Бирок алардын тынч жашоосун каргашалуу согуш бузду.

Окуя бүгүн, саат 10:30да Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында орун алган. Бишкек- Ош жолунун 409-чакырымында MAN үлгүсүндөгү бензин ташыган унаа  жолдон чыгып кеткен. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы билдирди. 

Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын арасында  аңчылык боюнча мелдеш өттү.  Ал Ош шаарынын 3016 жылдыгына карата уюштурулуп, 10 команда катышты.

 Таамай атуу боюнча мелдеште 8 миң сомдон 14 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар каралган. Аңчыларга коюлган тапшырма-учурулган тарелканы ылдам  атып түшүрүү.

Эс алуу парктарына капиталдык курулуш куруу жана субижарага берилиши мүмкүн эместиги белгиленип, жер тилкесинин инвестициялык ижарасы деген түшүнүк киргизилген мыйзам жолбоору сунушталды. Балдар ойноп, көңүл ачуучу, спорттук жеңил курулмаларды куруу үчүн мөөнөттүү пайдаланууга же 15 жылга чейинки мөөнөткө инвестициялык, конкурстук ижарага берүү мүмкүндүгү каралган.

Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айылында 180 үй көчкү коркунучунда турат. Үч миңдин тегерегинде калк жашаган айыл Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кооптуу деп табылганына 6 жылдын жүзү болгон. Бирок бүгүнкү күнгө чейин тургундарды башка жерге көчүрүү маселеси чечилбей келет.

Дагестандын бир катар райондорунда ИИМдин жихадчыларды кармоо операциясы жүрүүдө.

8-октябрда Грузияда өткөн парламенттик шайлоодо бийликчил “Грузин кыялы” партиясы жеңгенин БШК расмий маалымдады. Аталган партия 48,6 % добуш алса, андан кийинки эле орунду экс-президент Михаил Саакашвилинин партиясы ээледи. Анын оппозициялык "Бирдиктүү Улуттук кыймыл" партиясы 27% добушка ээ болду.

Страница 1 из 2

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79