wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Жыз быз

Жыз-Быз программасы Жалал-Абад шаарында

Жыз-Быз программасы Жалал-Абад шаарында. Аталган берүүнүн бул жумадагы коногу  “Жалал-Абад Браво 2015” жыл тандоосунда Жылдын композитору номинациясынын ээси Жусупаалы Масеитов.

Программаны жекшемби күнү таңкы саат 9да жана бейшемби күнү 19да көрө аласыздар.

Кененирээк ...

Жыз-Быз, Элиза Кушбакова

Бул жумада Жыз-Быз программасында ырчы, аткаруучу, тамада Элиза Кушбакова конокто. Келиңиз ашканаңызды дагы бир салат түрү менен толуктаңыз. Программаны жекшемби күнү саат 9да жана бейшемби күнү 19 да көрө аласыз.

Кененирээк ...

Надира Сарыковадан "Уя" салаты

Бул ирет Жыз-Быз программасынын коногу ырчы, аткаруучу жана актриса Надира  Сарыкова.
Бир гана сахнанын эле ажарын ачпай, ашкана сырларын да мыкты өздөштүргөн  таланттуу айымдын  колунан  даярдалган даамга сиз да күбө болуңуз.
Берүүнү  жекшемби күнү саат 9да жана бейшемби  күнү саат 19да көрө аласыз.

Кененирээк ...

Жыз-Бызда Байкөлдүн өкүлү конокто

Аялдар кайда эмгектенип, кайсы багытта иштебесин аларга табият буюрган бир гана кесип бар - алар дайыма ашканада кожойке. Буга далил “Байкөл” мончосунун администратору, Мидинова Мыскал айымдын жасаган даамы. Ашканада да мыктымын деген айым Ынтымактын "Жыз-быз" программасынын ашканасына баш бакты.

Эске сала кетсек, аталган "Байкөл" мончосу, Ош БРАВО 2015 жыл тандоосунда  жылдын мыкты мончосу номинациясына татыган.

Кененирээк ...

Догдурбек Акималиев Жыз-Бызда

Жыз-Быз программасынын бул жумадагы коногу Ош Мамлекеттик Университетинин Искусство факультетинин студенти , сахнага жаңыдан гана кадам таштай баштаган ырчы жигит Догдурбек Акималиев.  Берүүнү жекшемби күнү таңкы саат 9да жана бейшемби күнү 19да Ынтымак телеканалынан  көрө аласыздар.  Жыз быз программасы менен аш тизмеңизди дагы бир даамга толуктаңыз.

 

 

Кененирээк ...

Жыз - Бызда туура тамактануу боюнча адис

Жыз-Быз программасынын бул жолку чыгарылышында Ош Браво 2015 жыл тандоосунунда эң мыкты эс алуу борбору аталган "Жоролор" ден соолукту чыңдоо борборунун адиси конокто. Туура тамактануу боюнча келген консультант Айгүл Умаралиева, жалпы көрүүчүлөр үчүн  ден соолукка пайдалуу салатты жасап, өз кеңештери менен бөлүштү.
Берүүнү ар жекшемби күнү таңкы саат 9:00дө жана бейшемби күндөрү 19:00дө көрө аласыздар.

Кененирээк ...

Жыз -Быз, Дилкумар Жолдошева "Козу карын" салаты

Ынтымак ТВнын даамдуу программасынын бул жумадагы  сыйлуу коногу, Дилкумар Жолдошева. Коногубуз Жыз - Быздын жалпы көрүүчүлөрүнө "Козу карын" салатын жасоонун жолун көрсөтүп берди. Сиздер да дал ушул салаттын жасалуу ыкмасына күбө боло аласыздар. Аталган берүү ар жекшемби 9да жана бейшемби күндөрү 19 да Ынтымак телеканалынан көрсөтүлөт.

Кененирээк ...

Жазды сагынган Нуртилек Абдигапаров Жыз – Бызда

Жыз-Быздын бул жолку коногу ырчы, аткаруучу, жаш вокалист Нуртилек Абдигапаров болду.
Кадырлуу коногубуз менен болгон кызыктуу маектин алкагында жаз мезгилине да баш багууга үлгүрдүк. Анткени коногубуз жазды сагынгандыгын жар салып, “Жаз” деп аталган салат жасады.
Берүүнү Ынтымак телеканалынан жекшемби күнү саат 9да жана бейшемби күнү саат 19 да көрө аласыздар.

Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79