wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Жубайлар

11111

 

Кененирээк ...

Жубайлар: Мына, чыныгы сүйүү, чыныгы бакыт

"Жубайлар" теледоолбоору бул ирет Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылынан келген жубайлардын бактылуу жашоосун чагылдырды. Бул жубайлар баарыбызга үлгү болот. Баш кошуп үй-бүлө очогун курушканына быйыл 52 жылдын жүзү болгон. Бул убакыт аралыгында Жалил ага Салкын эже менен өткөргөн ар бир күнүнө ыраазы болуп, жубайына арнап "Салкынга" аттуу ыр жазат. (көрсөтүүнүн жүрүшүнөн күбө болосуздар). Эң кызыгы Жалил ага жубайына арнап жазган ырларына өзүнчө дептер ачып, сыртына жүрөктүн сүрөтүн тартып коюптур.

Жашоодо казан-аяк кагылышып, өйдө-ылдый, жакшы-жаман сөздөр айтылат эмеспи, "бизде да мындай учурлар болгон. Ал убакта мен сүйлөбөй, таарынып калат элем. Жолдошум абалды жөнгө салуу үчүн атайын досторун же жакын адамдарын ээрчитип келет. Келген конокко чай-пай коюп жүрүп,  мен сүйлөй баштайм (күлүп), ошентип таарынычыбыз тарап кетет. Жаштар биздин ыкманы колдонсо болот деп айтат элем",-дейт жубайы Салкын Шерматова. Толугу менен төмөнкү шилтемеден көрүңүздөр. 

Кененирээк ...

Жубайлар: Үч жыл сүйлөшүп, баш кошкон жубайлардын сүйүү баяны ВИДЕО

"Жубайлар" теледолбоорунун кезектеги чыгалышында "Хан бийке" бий тобу жана "Асыл айым" ырчылар тобунун жетекчиси Акжол Жалил уулу келинчеги Айпери Эсен кызы менен студиябызда конокто болушту. Акжол мырза сүйүүсүн ресторандан тапканын айтат. Жаңы эле жумушка келген Айперини бир көргөндө жактырып, көпкө чейин байкап жүрөт. Ошол күндөрдө Айпери туулган күн өткөрүп, Акжол дал ошол кечеде сезимдерин билдирет. "Сырттан карап, мен дагы жактырып жүргөндүктөн Акжолдун сунушуна макул болдум",-дейт жубайы Айпери. Үч жыл сүйлөшүп жүрүп баш кошкон жубайлар жаш экенине карабай бир топ ийгиликтерди багындырышкан. Жубайлардын махабатын жана жетишкен ийгиликтерин төмөнкү шилтемеден көрүңүздөр.

Кененирээк ...

Жубайлар: Сүйгөнүн троллейбус менен ала качкан ВИДЕО

Сүйгөн кызын троллейбус менен ала качкан Жаныбек ага "Ынтымактын" "Жубайлар" теледолбооруна келип, болгон окуяны айтып берди. "Кичинемден чачы узун кызга үйлөнөм дейт элем. Чоңоюп, турмуш жолуна аттанаарда келинчегим Нүргүлгө жолуктум. Мен ойлогондой чачы коюу, узун экен. Таанышып бир жыл убакыт сүйлөшүп жүрдүк. Андан соң жуучу жөнөтсөм, Нүргүлдүн ата-энеси "алыска кыз бербейбиз",-деп макул болбой коюшуптур. Эмне кылсам деп, атам менен кеңешсем "балам өзүң билесиң",-деди эле, Нүргүлгө барып жүр, "вечерге" барып келебиз деп троллейбус менен алып келгем. Үйгө келгенде ак жоолук салынып, отуруп калды",-деп Жаныбек ага жыйырма беш жыл мурунку окуяны жылмайып эске салды.

"Жубайлар" программасынын экинчи бөлүгүндө жубайлар колдон келген өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Жаныбек ага кызыктуу окуя айтып, көрүүчүлөрдүн жүзүнө жылмаюу тартуулады. Ал эми келинчеги Нүргүл эже ашкана жаатында өнөрүн көрсөтүп, даамдуу салаттын жасалуу жолун бөлүштү. "Мындан сырткары илхам келгенде ыр жазып калам, силерге да арнап ыр жаздым эле",-деп акындык талантын да көрсөттү.

Жубайларын өнөрлөрүн жана сүйүү баянын толугу менен төмөнкү шилтемеден көрүңүздөр.

Эске салсак “Ынтымактын” “Жубайлар” теледолбоору ар шейшемби күнү саат 19.30 да эфирге чыгат. Жекшемби күнү саат 9.30 да кайталап көрсөтүлөт.

Кененирээк ...

Жубайлар: Студенттик жатаканада башталган сүйүү ВИДЕО

Студенттердин жашоосу баарыбызга эле маалым. Бир күн ач калат, бирде ток болот. Бул болсо ийгиликтин алгачкы кадамдары. Дал ушундай алтын доордо бакыт кушу конгон жубайлар студиябыздын төрүндө конокто болушуп, ошол кездеги окуяны жылмайып эске салышты. “Студенттик жатаканада жашачубуз, кимдин бөлмөсүнөн тамактын жыты келсе, ошол бөлмөгө барабыз. Анара үч курбу кызы болуп, төртөө жашашчу. Бир күнү алардын бөлмөсүнө келсек  тамак даяр, азык-түлүк да кенен экен. Шериктерим менен күн сайын келип,  тамактанып кетчү болдук. Ошентип студенттик күндөр өтүп, жаңы жыл да жакындап калды. Менин досторум,  Анаранын курбу кыздары болуп, кече уюштурдук. Анараны көптөн бери жактырып, айта албай жүрөт элем, дал ошол кечеде сүйүүмдү билдирдим ”,-дейт Адылбек Жанбаев. Анара бул сунушту кандай кабыл алды? Жубайлардын сүйүү баянын толулугу менен төмөнкү шилтеме аркылуу көрүңүздөр.

Эске салсак “Ынтымактын” “Жубайлар” теледолбоору ар шейшемби күнү саат 19.30 да эфирге чыгат. Жекшемби күнү саат 9.30 да кайталап көрсөтүлөт. 

Кененирээк ...

Жубайлар: Сүйгөн кызын трактор менен ала качып үйлөнгөн ВИДЕО

Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну Кудайберди ага сүйгөн кызын трактор менен алакачып үйлөнгөн. “Жолдон досума жолугуп калдым, ал мектепте трактордон сабак берип жаткан экен, машина жок болгондуктан жубайымды досумдун трактору менен үйгө алып баргам”,-деп Кудайберди ага ошол убактагы окуяны жылмайып эске салды. “Дос кызымда чогуу келген эле, “бул кандай жер” деп таң калды”,-дейт жубайы Булбул эже. Учурда бактылуу жашап жатышат. Бош убакта ырдап калабыз дешип, аккордеон менен ырдап да беришти.  Жубайлардын сүйүү баянын толугу менен “Ынтымактын” “Жубайлар” теледолбоорунан төмөнкү шилтеме аркылуу көрүңүздөр.

“Жубайлар” теледолбоору ар шейшемби күнү саат 19.30 да жекшемби күнү саат 9.30 да эфирге чыгат. 

Кененирээк ...

Тамада Аман Ибраев сүйүүсүн жарыялады ВИДЕО

Аман Ибраевдин атасы досунун үйүнө барып калат. Чай үстүндө олтуруп, үйдүн ээси кызына «картошканы машинага жүктөп кой”,- деп айтат. Кызы бир кап картошканы көтөрүп туруп, оңой эле жүктөп коет. Аны Амандын атасы байкап калат да, келип уулуна “аяш атаңдын билеги күчтүү бир кызы бар экен, эгер макул десең келин кылып алсак”,-дейт.

Кененирээк ...

Жубайлар: Сүйгөн кызын апасына айта албай жүргөн Кыялбектин сүйүүсү ВИДЕО

Кыялбек студент кезинде Наргиза аттуу кызды жактырып, эки жылдай сүйлөшүп жүрүшөт. Бирок бул убакыт аралыгында сүйгөн кызын апасына эч айталбайт. Окууну бүтүп Орусия жергесине иштегени кетет. Апасы алыста жүргөн баласын сагынып, сүрөттөрүн көрүп отуруп, Кыялбектин сүйгөн кызы менен түшкөн сүрөтүн көрүп калат. Кыялбектин карындаштары агамдын сүйгөн кызы деп айтышат. Баласына телефон чалып, "сүрөттөгү кыз менен сүйлөшүп жатасынбы?, мага жакты", - дейт. Күтүлбөгөн жерден жагымдуу жаңылыкты уккан Кыялбек Орусия жергесинен келип Наргизага үйлөнөт. Толугу менен төмөнкү шилтемеден көрүңүздөр. 

Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79