wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Чарпалек

Ош шаарынын тургундары жылуулукка 3 млн карыз. Видео

Ошто  жылуулук үчүн көп жылдан бери төлөнбөй келе жаткан карыздар 3 млн дон ашуун экенин Ош жылуулук электр борбору эсептеп чыгышты. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык  мэриясынын чарба транспорт жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы Урали Романов билдирди.

Кененирээк ...

Банги зат колдонгондордун саны каттодо тургандарга караганда эки эсе көп. Видео

Ош облустар аралык наркология борборунда Ош шаары боюнча 1400 жакын жараан катоодо турат. Ийне аркылуу сайынгандардын саны 1100дүн тегерегинде. Ал эми өкмөттүк эмес уюмдардын билдирүүсүндө наркотик колдонуучулардын саны каттодо тургандарга караганда эки- үч эсеге көп деп айтылат. Ош облсутар аралык наркология борборунун даарыгери Таштемир Атабаевдин “Ынтымакка” билдиришинче наркотик колдонуучулар  азайып,  бирок кайра эле жаңы колдонуучулар менен толукталып турат.

Кененирээк ...

2015-жылы банги затка каршы күрөшүүдө түштүк аймагында 82 кылмыштын бети ачылды. Видео

Бул тууралуу “Ынтымакка”  Банги затка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын түштүк башкармалыгынын башчысы Улан Керимкулов билдирди.

Кененирээк ...

Кыргызстанда чек аранын абалы кандай? Видео

Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөдө чек араны тактоо, коңшуу өлкөлөр менен бир топ татаалдыкты жаралууда. Айрыкча Тажикстан жана Өзбекстан менен ушул күнгө чейин такталбай келет. Учурда жалпы Тажикстан менен чек аранын 46 пайызы ал эми Өзбекстан менен 23 пайызы талаш жаратып келет.

Ынтымактын “Чарпалек” программасынын кезектеги чыгарылышы “Чек ара аны тактоо жана коргоо” деп аталды. Талкууга Чек ара кызматынын Ош, Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыгынын башчысы Замирбек Надырбеков жана тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жумали Адилбаев катышты.

 

Программаны төмөнкү видеодон көрүңүздөр

Кененирээк ...

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер кандай билим алууда? Видео

Кыргызстанда  калктын 2,6 пайызы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар. Алардын саны 155 миң 893 адам болсо, 25 миңден ашууну 18 жашка чейинки балдар. Алардын дээрлик көпчүлүгү билим алууда, ден соолугун текшертүүдө, трансортко чыгууда, жумушка орношууда бир топ тоскоолдуктарга кабылышат. Аларды коомго интеграциялоо, колдоо чоң маселеге айланып чечилбей келет.

Кененирээк ...

Сомдун эртеңи эмне болот?

Жыл башынан бери эле АКШ долларынын кымбаттоосу менен  бардык товарлардын баасынын өскөнү байкалды. Айрыкча акыркы жумадагы доллардын сомго болгон куну кескин көбөйүп, улуттук банк 70 млн доллар интервенция кылууга мажбур болду. Бирок бул күтүлгөндөй олуттуу жыйынтык берген жок. “Чарпалек” программасынын кезектеги чыгарылышы “Кыргыз валюта рыногундагы бүгүнкү абал, мындан ары эмне болот”? деген темада талкуу өткөрдү.

Бул багытта студияда Улуттук банктын Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы Жумаш Сыдыков жана экономика илимдеринин кандидаты, серепчи Эрлан Камалов катышты.

“Чарпалек” программасын кененирээк төмөнкү видеодон көрүңүздөр.

фото: kyrtag.kg

Кененирээк ...

Чарпалек: Бала тарбиясына ким жоопкер?

Коомчулукта мектеп тарбиянын башаты катары эсептелинет. Бирок учурда мектеп тарбия берүүдө,  өз милдеттерин аткара албай калды деген ойлор басымдуу. Ошол эле учурда келечек ээлери болгон жаштарга билим берип, тарбиялоону  ата-энелер мугалимдердин милдети деп билсе, агартуучулар ата-энелердин балдарына жетишээрлик көңул бурбоосун себеп кылып келишет. Деги эле мектептерде тарбиялык сабактар канча ирет өткөрүлөт? Кандай темаларда? Ата-энелер менен мектептин мамилеси кандай болуп жатат?

Кененирээк ...

Чарпалек: армияда кызмат кылуу сыйлуубу же кооптуубу? Видео

Кыргыз армиясынын абалы бүгүн мындан 10-15 жыл мурункуга салыштырмалуу жакшы деп айтылууда. Жоокерлерге түзүлгөн шарттар бир топ жакшы, заманбап казармаларда  жашап, курсактары ток, кийимдери жаңы деп айтышат аскер чиновниктери. Бирок ошол эле мезгилде куралдуу күчтөрдө болуп өткөн  резонанстуу окуялар коомчулукта  айтылып жүргөн  аскерде абал мурдагыдай эле, олутту жылыштар жок деген ойду бекемдейт. Аскерлердин өлүмү, дайынсыз жоголуулар армиядагы көйгөйлөрдүн дагы деле бар экендигинен кабар берет.

Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79