wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Чарпалек

Чарпалек: Конституция жана ага киргизилүүчү өзгөртүүлөр

Кыргызстанда жылына эки ирет, күз жана жаз айлары саясий активдүүлүк менен коштолот.Быйылкы күз да ушул салттын уландысы болчудай. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча бийликтин демилгеси, ага каршы чыккан тараптар, алдыда бир топ  саясый окуялар күтүлүп жатканынан кабар бергендей.

Кененирээк ...

Жыйырма жылда Кыргызстан он миңге жакын качкынды кабыл алган Видео

Акыркы жылдары дүйнөдөгү бейстабилдүүлүккө байланыштуу качкындар маселеси эң орчундуу көйгөйгө айланды.  БУУ нун маалыматы боюнча былтыркы  жылы дүйнөдө 60 миллион качкын катталган. Алар бөтөн элде коомдун аяр катмары болуп, укуктук, социалдык жактан жабыркап келишет. Жыйырма жылдын ичинде Кыргызстан он миңге жакын качкынды кабыл алган. Алардын жарымынан көбү кырдаал тынчып калганда кайра мекендерине кайтышкан.

Кененирээк ...

ЧАРПАЛЕК берүүсү: Бир класста 50-60 тан окуучу билим алып жатабы?

Ошто жалпы 69 мектеп бар болсо, анын ичинен 53 ү шаардык билим берүү башкармалыгына карайт. Ал эми менчик мектептердин саны 15 тен ашат. Былтыркы жылы 58 788 окуучу, быйыл 61 389 окуучу шаар мектептерине кабыл алынган. Мындайча айтканда, ар жылкы окуучу кабыл алуудагы өсүү 3 миң санды түзөт. Ошол себептүү балдарды мектепке жайгаштыруу маселеси көйгөй жаратып, кээде бир класста 60 ка жакын окуучу окуган учурлар кездешет.

Кененирээк ...

К. Раимбеков: Максатыбыз - кыргыздын эл жерине кызмат кылчуу адамдарды калыптоо, өстүрүү

Акыркы кездери жаш муундар каада-салттарды унутуп бара жатышат деген сындар айтылып келет. Алардын үрп-адаттардан алыстап, мекенге болгон сезимдери төмөн деп баалагандар бар. Бирок бул жаатта аракетерди жасап, өсүп келе жаткан муунду патриоттулукка үндөгөн уюмдар иштеп келишет.

Алардын бири “Бак-Дөөлөт” коомдук фонду. Аталган фонддун “Келечекке сапар” долбоору беш жылдан бери иштеп келе жатат. Долбоорду өлкө аймагына жайылтууга эмне себеп болду? Максаты, келечек пландары жөнүндө аталган долбоордун демилгечилери Кадыржан Раимбеков жана Болот Акматовдор айтып беришет.

Кененирээк ...

Нурбаев: Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү кесипкөй адистер карап чыгышы керек

Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев “Ынтымак” телеканалындагы “Чарпалек” берүүсүндө конокто болду. Ал референдум, Түркиядагы абал, гүленчилер жана ишкердик тууралуу биздин суроолорубузга жооп берди.

Кененирээк ...

Жума күнкү түштөнүү убактысын узартуу демилгеси Видео

Өткөн аптанын негизги темасы- жума күнкү түштөнүү убактысын  2 саатка узартуу маселеси болду. Мыйзам долбоорунун ЖКнын комитетиндеги талкуусу Кыргызстандагы 2 белгилүү инсандын пикир келишпестигине барып, социалдык тармактарда экиге бөлүнүп жаакташууга алып келди. 

Кененирээк ...

Каракозуева: Балдар бакчалары коомдогу түрдүү муктаждыктарга жооп бербейт Видео

Бул тууралуу Ош шаарындагы №10 “Топ-Жылдыз” балдар бакчасынын жетекчиси Айнура Каракозуева билдирди.

“Бир керебетке экиден балдар жаткандар да  бар. Бул болсо орун жетишсиздиктен.  Бир тайпада жыйырма, отуз  бала болуш керек болсо, учурда элүү, алтымыштан бала бар. Аларга  бир тарбиячы менен  жардамчысы гана карайт.  Алар элүү, алтымыш балага жетишпейт. Бүгүнкү күндө технология өнүккөн заман. Ага жараша балдардын аң сезими да башкача, баары телефон колдонот, компютерди билишет. Ошондуктан учурда  балдарга , жаңыча билим бериш керек”,-деди А. Каракозуева

Кененирээк ...

Ошто Борбор Азиядагы Америка университетинин мектеби ачылат Видео

Ош шаарында окуучуларды үч тилде эркин сүйлөөгө үйрөткөн америка мектеби ачылат. Ага 8, 9,10,11-класстын окуучулары кабыл алынат. Окутуу заманбап каражаттар менен жүргүзүлүп, өлкөдөгү Орусия жана Америкадан тажрыйбалуу мугалимдер тартылат.

Аталган мектеп "Билимкана" коомдук фонду жана Борбор Азия Америка университети менен биргеликте ачылып жатат. Мындай мектептердин саны республика боюнча учурда 10 түзөт. Жаштарды татыктуу билим алууга тарбиялоо менен, дагы алдыда бардык аймактарда 20 мектеп ачуу пландалганын университет өкүлдөрү билдирди.

Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79