wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

ЕАЭБ шарттарына ыңгайлашуунун экинчи баскычында быйыл өкмөт олуттуу жумуштарды ишке ашырганы турат. Тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү менен бирге ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине дагы онго чукул ишкана кирүү алдында. Бул тууралуу экономика министрлигин түштүк аймактар башкармалыгыны жетекчисинин орун басары Искендер Маматов билдирди.

"Биримдикке киргендеги башкы жетишкендик ЕАЭБ базарында Кыргызстандын товарлары жеткиликтүү сатылууда. 180 млн калкы бар базарга кирүү, Кыргызстан үчүн чоң жетишкендик. Башында кыйынчылыктар болду, көп айыл чарба продукцияларын сата албай кыйналдык. Эми мунун баары акырындык менен артта калууда. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан узак мөөнөткө насыялар берилип жатат. Жыл өткөн сайын ата мекендик товар жүктөп чек арадан чыккан оор жүк ташуучу унаалардын саны арбыды. Учурда өнөр жай жана айыл чарба азыктарынын ар кандай түрүн алып өтүүгө чек ара толук бойдон ачык",-деди И. Маматов

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгонуна август айында эки жыл болот.

Последнее изменение Среда, 22-марта, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79