Версия для печати

2016-жылы Кыргызстандын тышкы өлкөлөр менен болгон товар алмашуусу 24 пайызга түшкөн. Ал эми экспорт 11, импорт 30 пайызга төмөндөгөн. ЕАЭБке кирген өлкөлөр менен 16, Орусияга 7 пайызга азайган. Бул ишкерлерге көп көйгөй жаратты. Мындай оюн "Чарпалек" программасына "ЖИА"нын Оштогу аткаруучу директору Нурдин Рысбаев билдирди.

Анын айтымында ЕАЭБге кирген эки жылга жакын убакытта Кыргызстандын ишкерлерине оң жактары байкалган жок. Фитосанитардык көзөмөл эми курулуп бүтсө, ветеринардык азыркы учурда ишке аша элек.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2015-жылдын 12-августунан бери Евразиялык экономикалык биримдиктин толук кандуу мүчөсү болуп эсептелет.

Последнее изменение Среда, 22-марта, 2017