Акыркы күндөрдөгү өкмөттүк кызмат орундарга дайындоолор жана бошотуулар мурдатан келе жаткан талкууга кайрадан дагы жем таштайт. Серепчилердин пикиринде мамлекеттик кызматтарга кадрлар көпчүлүк учурда партияга , тууганчылыкка, жердешчиликке карап дайындалып келет.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка тандоо канчалык деңгээлде ачык айкын өткөрүлуп, татыктуу кадрлар кызмат орундарына даярдалып, тандалып, дайындалбасын ал орунду аркалаган кадрдын билими, тажрыйбасы иш жузундо далилденип калып жатканын да серепчилер белгилешет.
"Чарпалек" програмасынын кезектеги чыгарылышы мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орношуу маселесин талкуулады. Ага Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алмаз Аккозуев жана "Демилгелүү ишкер аялдар" коомдук фондунун директору Аваскан Ормонова катышты.