wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Кыргызстандагы башы көрүнгөн иш билги ректорлордун бири Каныбек Исаков кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырат. Каарманыбыз мындан аркы убактысын  илимий иштерине, чыгармачылыгына  арнайт. Муну он бир жылдан бери ректорлук кызматты аркалап келе жаткан Исаков  “Ынтымактын” “Аброй” программасына берген маегинде белгиледи. 

Ректор-реформатор Каныбек Исаковдун артыкчылыктарын бир нече сүйлөм менен жазып берүү мүмкүн эмес. Программаны тартуу учурунда ал телефон чалууларга жооп берип, кесиптештери, өнөктөштөрү менен маселелерди талкуулап, тынбай сүйлөшүп жатты. Интервью берүү мезгилинде да биз менен маектешкени менен, бүтпөй калган жумуштарын ойлоп жаткандай сезилди. Антпесе да болбос, себеби илим, билим берүү, технология ылдам өнүккөн доордо университетте заман тенденциясынан калтырбай өзгөрүүлөрдү киргизип, студенттердин сапаттуу билим алуусуна шарт түзүп туруу керек. Азырынча бул миссияны Каныбек Исаков мыкты аткарып жатат.

Каныбек Исаков өзүн реформатор деп эсептейби? Кызматын мөөнөтүнө жетпей бошотсо,  анын пландары толук орундалбай калабы?  Ректордун ийгилик сыры жана алдыдагы максаттары “Аброй” программасында.

Последнее изменение Четверг, 23-марта, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79