wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Разия Өсөрованы баткендиктер эле эмес бүтүндөй Кыргызстан жакшы тааныйт. Ал кыргыз-тажик чек арасында келишпестиктер чыгып турган Көк-Таш айылын башкарат. Жетекчи болуп сүйлөшүү жүргүзүп тим болбой, кээде жаштар арасында мушташ, ташбаран орун алган окуялардын очогунда болот. 

Разия эже - эки эл ортосундагы тынчтыктын данакери, Кыргызстан чек арасындагы тирүү чеп. Алыскы айылдын үнүн бүт өлкөгө жеткирип, журналисттер менен активдүү иштешкен жетекчи. Ошон үчүн аны жердештери  учурдун Курманжаны деп коюшат экен.

Чек арага чектеш айылды башкаруу аял киши үчүн канчалык оор? Араздашкан кыргыз-тажик ымаласын кантип жакшыртып келе жатат? Тайманбас айыл башчынын ийгилик сыры “Аброй” программасында.Толук чыгарылыш төмөндөгү видеодо.  

 

Последнее изменение Четверг, 09-марта, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79