wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Транзит 106.1

Кант диабети менен жабыркаган балдардын саны 300дөн ашты

Кыргызстанда кант диабети менен жабыркаган балдардын саны 336ны түздү. Алар 14-18 жашка чейинки өспүрүмдөр. Бул тууралуу “Ынтымакка” “Диабетсиз балалык” коомдук уюмунун директору Нурхан Жумабаева билдирди. 

Кененирээк ...

Абдыразаков: мамлекет жарандардын коопсуздугун камсыздай албай келет

Өлкөдө жарандардын коопсуздугун коргоо жолго коюлган эмес. Бул тууралуу серепчи Эркин Абдыразаков маалымдады. 

Кененирээк ...

Капаров: мураска калган мүлктү нотариус кароого алып турат

Мураска калтырып кеткен мүлктөрдү кароого алуу нотариустун милдети болуп саналат. Ар кандай мүлктүн түрү болбосун аны мураскерге жеткирүүдөгү жоопкерчилик нотариустка жүктөлгөн. Бул тууралуу нотариус Азиз Капаров билдирди. 

Кененирээк ...

Жумабеков: балдарды камсыздай албаган өлкөнүн келечеги бүдөмүк

Ушу тапта эне-баланы колдоо жөнүндө ойлонбосок, Кыргызстандын келечеги оор болуп калат. Анткени башка өнүккөн өлкөлөрдө мурунтан эле ымыркай төрөлгөн үй-бүлөлөрдү колдоп келишет. Жаңы төрөлгөн жарандарын камсыздай албаган өлкөнүн тагдыры бүдөмүк. Буларды айткан ЖКнын депутаты Дастан Жумабеков, балдарга жардам көрсөтүү менен денин сак кылып өстүрүп, патриоттук сезимдерин ойготууга болот дейт. 

Кененирээк ...

Улуттар ортосунда ыр кербен уюштурулат

Анда ар бир улут өкүлдөрү өздөрүнүн ыр-бийлерин тартуулашып, каада-салттарын көрсөтүшөт. Түрдүү тамак-аштарын сунушташып, улуттук кийимдерин көргөзмөгө алып чыгышат. Улуттардан куралган топ облустун бардык райондорун кыдырышат. 

Кененирээк ...

Ошто бул жылы жол кырсыгы 18 адамдын өмүрүн алды

Калаада жыл башынан бери 400дөн ашуун жол кырсыгы катталды. Андан 18 адам каза таап, 500 адам түрдүү жараат менен ооруканага кайрылган. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык жол кайгуул кызматынын өкүлү Чолпон Арстанбеков билдирди. 

Кененирээк ...

Бердалиева: мыйзамды аткарбагандын баарын бийликтегилер түзөт

Кыргызстанда жаңыдан сунушталып жаткан мыйзамдын баары карапайым калк үчүн чыккандай. Анткени аны аткарган эл, ал эми бийликтегилер капарына алышпайт. Буларды айткан коомдук ишмер Сапаргүл Бердалиева, эч бир бийлик өкүлү мыйзамды сыйлабайт дейт. 

Кененирээк ...

Юридикалык жактарды жабууда алгач Юстиция министрлигине кайрылуу зарыл

Жарандар юридикалык жактарды жабууда алгач Юстиция министрлигине кайрылуусу керек. Ал жерге жабуу боюнча арызын калтыргандан кийин гана башка документтерди толтурса болот. 

Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79