wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Транзит 106.1

Көп карызы бар үйлөргө жылуулук берилбей калышы мүмкүн

Бул жылы кышта Ош шаарындагы көп кабаттуу айрым үйлөргө жылуулук берилбей калышы мүмкүн. Ага турак жай ээлеринин жылдап төлөбөгөн карызы себеп болуп жатат. Карыздарды төлөө боюнча бир канча жолу эскертүүлөр берилгенине карабай каражат өндүрүлбөй жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка”  жылуулук камсыздоо ишканасынын жетекчисинин орун басары Кабылбек Укулов билдирди. 

Кененирээк ...

Ош шаарында быйыл 175 чакырым жол жарыктандырылат

Ага жергиликтүү бюджеттен 50 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Учурда чырактар кезеги менен орнотулуп жатат. Бул тууралуу калаа башчысы тургундар менен жолугушууда билдирди. 

Кененирээк ...

Мектептердеги беш күндүк окутуу билим сапатын төмөндөтөт

Мектеп программасында алты күндүк окутуу бекитилген. Эгерде сабак беш күнгө кыскартыла турган болсо билим сапаты начарлайт. Окуучулар  предметти толук өздөштүрө албай калышат. Бул тууралуу серепчи Мастура Шарипова билдирди. 

Кененирээк ...

Кальянды чектөө жаштарды зыяндуу ырахаттан оолактатабы?

Кыргызстандагы кафе-ресторандарда кальян чегүүгө тыюу салуу сунушталууда. Мындай демилгени Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов иштеп чыккан. Мыйзам долбооруна ылайык, атайын даярдалган жерлерден тышкары, атап айтканда, коомдук тамактануу жайларында, кафе-ресторандарда жана маданий мекемелерлерде чылым менен катар кальян чегүүгө тыюу салуу каралууда. 

Кененирээк ...

Мигранттын кайдыгерлиги өз укугун тебелеп жатат

Мигранттар чет жактарга эмгектенгени бара жатканда кандай жумушка иштерине да кызыгышбайт. Алар өз ара тааныштары аркылуу барып эле ишке киришет. Жумушу келишимдик негизде болбогондуктан маяналарын да толук ала албаган учурлар бар. 

Кененирээк ...

Динде аялды багуунун жолдорун билбегендер көп аял алууга умтулушат

Биринчи жана экинчи аялына тең адилеттүү мамиле жасап, бирдей караганда гана эки аял алууга уруксат берилет. Күйөөсү биринчи үй-бүлөсүн кароодо укуктарын билип, милдеттерин аткарганда гана кийинкисин алууга болот. Бул тууралуу Ош облустук казыяттын адиси Нургазы Эрматов билдирди. 

Кененирээк ...

Коомго зарыл болгон кесиптерге байланыштуу адистиктер ачылууда

Адистер акыркы учурларда жогорку билимдүү кесип ээлерине караганда кыска убакытта окуган адистиктер зарыл болуп жатканын айтышууда. Алар тигүүчүлүк, сантехник, ширетүүчүлүк жана тейлөөчү кесиптер. Коомдун талабына байланыштуу окуу жайларда да талап жогору адистиктерди ачышууда. 

Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79