wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Транзит 106.1

Ошто күнүнө сасык тумоо боюнча 4-5 адам ооруканага кайрылууда

Ноябрь айынын башталышынан бери сасык тумоо менен кайрылгандар көп кездеше баштады. Бир күндө аталган оору менен жабыркап бешке жакын адам кайрылып жатат. Бул тууралуу “Ынтымакка” № 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун адиси Жазгул Жумабаева билдирди. 

Кененирээк ...

Атууга тыюу салган жаныбарларды коргоо үчүн аймактарда тыңчылар иштейт

Кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо боюнча алыскы аймактар текшерүүгө алынып турат. Жергиликтүүлөрдүн мергенчилик кылуусун көзөмөлдөө үчүн айылдарда тыңчылар иш алып барат. Эгер кызыл китепке кирген жаныбарларды аткан учурлар болсо алар кабар беришет. Бул тууралуу Өкмөткө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ош аймактар аралык инпекциясынын адиси Абдисатар Исмаилов билдирди. 

Кененирээк ...

Тогуз айда 1 млн сомдук товар керектөөчүлөрдүн пайдасына чечилди

Товарлардын жараксыздыгынан жана мөөнөтү өтүп кеткен азыктар боюнча даттануулар көп. Буюмду же азык-түлүктү сатып алгандан кийин жараксыз болуп калган учурда керектөөчүлөр арызданышат. Бул жылы андай арыздардын негизинде  1 млн сом керектөөчүлөрдүн пайдасына чечилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламаттыгын коргоо кызматынын жетекчиси Төлөгөн Келдибаев билдирди.

Биз дүкөндөрдөгү мөөнөтү өткөн азык-түлүктөрдү тынымсыз текшерүүгө алабыз. Ошондой эле тамактануучу жайлардагы тейлөөчүлөрдүн аракетин да карайбыз. Эгерде алардын үстүнөн арыз түшсө эскертүүлөр берилет”,- дейт Келдибаев.

Ал кошумчалагандай, жарандар товар алууда мөөнөттөрүн карап алуусу зарыл. Мындан сырткары, продукциянын сапатын тастыктаган сертификаты бар товарларды алуу керек.

Сүрөт: sputnik.kg

Кененирээк ...

Ўшда ўсмирлар иштирокидаги 70дан ортиқ жиноят рўйҳатга олинди

2016-йилнинг ўтган 10 ойида Ўш област ҳудуди бўйича ўсмирлар иштирокида 73 жиноий иш рўйҳатга олинган. Уларнинг кўпчилиги Новқат ва Қорағулжа районларида содир этилиб, ўтган йилга нисбатан 10 жиноий иш кўп бўлган.

Кененирээк ...

Ошто бул жылы 70тен ашуун өспүрүмдөр кылмышы катталды

Облус аймагында бул жылдын он айында балдар катышкан 73 кылмыш иши катталды. Алардын көбү Ноокат жана Кара-Кулжа райондорунда болду. Көбүнчө 14-18 жаштагылар кылмыштуулукка барып жатышат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук боюнча бөлүм башчысы Нурали Бердиев билдирди. 

Кененирээк ...

Акчага бааланган өмүрлөр

Кыргызстанда дарыгерлерге карата түрдүү дооматтар айтылып келет. Ак халатчандардын кызматын акчага баалап жаткандыктары жана орой мамилесине карата сындар көп. Бирок дарыгерлерди жактагандар да жок эмес. 

Кененирээк ...

Ўшда жамоат транспортларининг 7 нафар ҳайдовчиси вақтинча ишдан четлатилди

Ўш шаҳрида бекатлардан ташқари тўхтаганлиги учун 12 маршрутка ҳайдовчиларига акт тузилган. Унда 7 нафар ҳайдовчи вақтинча ишдан четлатилиб, 4 нафарига огоҳлантириш берилди. Бу ҳақда “Ынтымак”қа йўловчиларни ташиш агентигининг бўлим раҳбари Нурлан Адишов билдирди.

Кененирээк ...

Ошто жети коомдук унаанын айдоочулары убактылуу жумуштан четтетилди

Ош шаарында аялдамалардан сырткары токтогону үчүн бир жумада 12 маршрутка айдоочуларына акт түзүлдү. Андан 7 айдоочу убактылуу жумуштан четтетилип, төртөөнө эскертүү берилди. Бул тууралуу “Ынтымакка” жүргүнчүлөрдү ташуу агентигинин бөлүм башчысы Нурлан Адишов кабарлады. 

Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79