wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Транзит 106.1

Ош: мүмкүнчүлүгү чектелген 100дөн ашуун бала үй шартында билим алат

Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын адиси Салтанат Жүдошова билдирди. 

Кененирээк ...

Ошто 9 аянттан турган заманбап эс алуу жайы курулат

Калаадагы Бабур атындагы мамлекеттик театрында Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багын реконструкциялоо боюнча каражат топтоо акциясы өттү. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, эс алуу жайын заман талабына жараша оңдоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. 

Кененирээк ...

Ош: майрамда пиротехникалык каражаттарды колдонууну адистер көзөмөлдөшөт

Ош шаарында жаңы-жыл күнү пиротехникалык каражаттарды колдонуу боюнча адистер иш алып барышат. Көзөмөлдөө иштерин шаардык инспекция жана өрткө каршы кызматындагылар аткарышат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Ош шаарындагы өкүлү Гыламидин Базарбаев билдири. 

Кененирээк ...

Эрте никеге тыюу салуу боюнча имамдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт

Мындан ары 18 жашка чейинкилерге нике кыюу жаатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Аны мечиттерде имамдар аткарышат. Алар жалпы дин өкүлдөрүнө жашы жете электерге нике кыйбоо тууралуу маалыматтарды беришет. Бул тууралуу Ош облустук казыяттынын орун басары Нурбек Орунбеков билдирди. 

Кененирээк ...

Ош: базарда сатылып жаткан мөмө-жемиштин баары текшерүүдөн өтөт

Базарларда дыйкандар тарабынан сатылып жаткан бардык мөмө-жемиштер текшерүүдөн өткөрүлөт. Ар күнү эрте менен текшерүүдөн өткөн соң товарлардын сапатын тастыктаган тактама берилет. Бул тууралуу Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык лабораториянын жетекчиси Шермамат Жеентаев билдирди. 

Кененирээк ...

Коомдук унаалар аялдамадан сырткары токтосо айып пул салынат

Шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук унаа ээлери аялдамадан сырткары токтосо 500 сом өлчөмүндө айып пул салынат. Унаалардын ирээтсиз токтошун ИИМдин патрулдук милиция кызматкерлери көзөмөлдөп, айып пулду алар салганга укуктуу. Бул тууралуу жүргүнчүлөрдү ташуу агентигинин бөлүм башчысы Нурлан Адишов билдирди. 

Кененирээк ...

Бердалиева: таштанды таштаган адамды уяткаруу менен жолго салса болот

Ар кайсы жерге таштанды таштаган адамды коомчулукка алып чыгып уяткаруу менен жолго салса болот. Анын туура эмес жасап жаткан аракетин интернет сайттарына чыгаруу менен да бул жолго барбоонун алдын алууга мүмкүнчүлүк бар. Буларды айткан серепчи Сапаргүл Бердалиева адамдардын тазалык үчун кайдыгер мамилесине токтолду. 

Кененирээк ...

Ошто паракорчулуктан мамлекетке 15 миллион сомдук зыян келтирилди

Ош шаарында сегиз айда паракорчулук боюнча 24 кылмыш иши катталды. Андан мамлекетке 15 миллион сомдук зыян келтирилди. Анын 772 миң сом мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу “Ынтымакка” Өкмөткө караштуу экономикалык-кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти. 

Кененирээк ...

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79