wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Ош облусунда аймактардан келген жүргүнчүлөргө 109 коомдук унаалар кызмат көрсөтөт. Анын 28ин шаар-облустук каттамдар түзөт. Калганы облустар аралык жүргүнчүлөрдү тейлешет. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош аймактык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Болотбек Тезекбаев билдирди. 

Айтымында, калаадагы автобекет жылгандан бери коомдук каттамдардын баары шаар чети менен жүрүшөт. Эки гана каттам шаар ичиндеги көчөлөр менен каттайт. Ал маршруткаларды да калаанын сыртындагы көчөлөр менен каттатуу үчүн схема түзүлүп жатат.

Эске салсак, калаадагы унаа тыгынын азайтуу үчүн 2015-жылы автобекетти шаар четине жылдырылган. Анда аймактардан келген коомдук унаалардын баары ошол жакка көчүрүлгөн.


Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79