“Өлкөдө спорт тармагы мурункуга салыштырмалуу жандана баштады. Бирок дагы деле көзгө көрүнөөрлүк ийгиликтерди багындырган учурлар көп эмес. Андыктан мамлекет тарабынан дагы каражат көбүрөөк бөлүнүшү зарыл”,- деди А. Абдыжалил уулу.
Кыргызстанда спорт тармагы аксап келет деген сөздөр айтылып келет. Буга Казакстанда өткөн мелдеште Кыргызстандын спортчулары медалга жетишпегени да мисал болду дешет адистер. Мелдеште Кыргызстандын спортчулары универсиадага катышуу менен чектелди. Анда эң мыкты көрсөткүчү 16-орун болсо, арты 87-орунда калып кетти.