×

Предупреждение

JUser: :_load: Не удалось загрузить пользователя с ID: 489
Версия для печати

Азыркы учурда кризисстик борборлорго мамлекет тарабынан жардам берилбейт. Мындан улам зорзук-зомбулуктан жабыркап келгендерге көмөктөшүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Бул тууралуу “Ынтымакка” "Ак-Жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарыйка Асылбекова билдирди. 

Бизге үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркап аялдар көп кайрылышат. Аларга жардам берүүдө каржат жагы бир аз түйшөлтүүдө. Алсак, келгендерге тамак-аш жана жуунучу каражаттар жетишсиз болуп калат”,- деди Д. Асылбекова.

Буга чейин, Жогорку кеңештеги айрым депутаттар Кыргызстандагы кризистик борборлорго каражат бөлүү жагын карап чыгышып, жылына 124 млн сом бөлүү жагын сунушташкан. Аталган сумма үй-бүлөдө зомбулукка кабылгандарга натыйжалуу көмөк көрсөтүүгө сарпталат деп түшундүрүшкөн.Кыргызстанда жалпы 13 кризистик борбор катталган. Алар үй-бүлөлүк чыр-чатактарда зомбулукка кабылган жарандарга психологиялык жана юридикалык жактан көмөк көрсөтүшөт.