“Бизге үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыркап аялдар көп кайрылышат. Аларга жардам берүүдө каржат жагы бир аз түйшөлтүүдө. Алсак, келгендерге тамак-аш жана жуунучу каражаттар жетишсиз болуп калат”,- деди Д. Асылбекова.
Буга чейин, Жогорку кеңештеги айрым депутаттар Кыргызстандагы кризистик борборлорго каражат бөлүү жагын карап чыгышып, жылына 124 млн сом бөлүү жагын сунушташкан. Аталган сумма үй-бүлөдө зомбулукка кабылгандарга натыйжалуу көмөк көрсөтүүгө сарпталат деп түшундүрүшкөн.Кыргызстанда жалпы 13 кризистик борбор катталган. Алар үй-бүлөлүк чыр-чатактарда зомбулукка кабылган жарандарга психологиялык жана юридикалык жактан көмөк көрсөтүшөт.