Версия для печати

Ош шаарындагы каттоосу жок ички мигранттардын балдары үчүн бакча акысы жогорулаган жок. Алар мурунку белгиленген суммадагы каражатты төлөп жатышат. Бул тууралуу “Ынтымакка” Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчөөчү адиси Саламат Айдарова билдирди. 

Айтымында, шаарда катоосу бар же жок экенине карабай баары 500 сомдон акы төлөшөт. Ал эми жеке менчик бакчалардагы наркты өздөрү бекитишет.

Айта кетсек, ушул жылдын 1-январынан тарта Жалал-Абад шаарында ички мигранттардын балдары үчүн төлөнчү сумма 500 сомго кымбаттаган. Анда шаардын өзүндө жашап, бирок каттоосу жоктор айына бир балага 1200-1300 сомдон төлөөгө туура келээри айтылган. Бул өзгөрүү бир катар ата-энелердин нааразычылыгын жараткан болчу.