Версия для печати

Кыргызстанда кант диабети менен жабыркаган балдардын саны 336ны түздү. Алар 14-18 жашка чейинки өспүрүмдөр. Бул тууралуу “Ынтымакка” “Диабетсиз балалык” коомдук уюмунун директору Нурхан Жумабаева билдирди. 

Айтымында, жыл өткөн сайын бул илдетке чалдыккандардын саны өсүүдө. Оору менен жабыркаган балдардын көбү Жалал-Абад жана Чүй облустарында болуп жатат. Ооругандардын арасында сегиз айлык өспүрүмдөр да бар.

Биздин коом ооруга чалдыккан балдардын ата-энелери менен жолугушууларды өткөрөбүз. Аларга семинарларды уюштуруп, балага кандай кам көрүү керектигин түшүндүргөнгө аракет жасап келебиз. Буга чейин мындай иш-чараларды өлкөнүн бир топ аймактарында уюштурдук”,-деди Н. Жумабаева.

Маалыматтарга ылайык, кант диабети уйку бездердин сезгенишинен пайда болот. Ооруга чалдыккан адамда суусоо, бат-бат заара ушатуу, шалдыроо жана арыктоо сыяктуу белгилер байкалат.