wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Кыргызча

Аш соодасын косметологияда пайдалануу жолу

Ар кандай косметикалык каражаттарды көп колдонуудан улам чачтын өсүүсү начарлап, ар түрдүү көйгөй жаралат. Эгерде чачыңызга зыян келтирүүнү каалабасаңыз, анда аш соодасын пайдаланыңыз. Ал үчүн алгач чачыңызды толук бойдон суулаңыз. Андан соң бир чоң кашык соданы өзүңүз колдонуп жүргөн шампунга аралаштырып, бул аралашманы чачыңыздын түбүнөн баштап учуна чейин сүртүп, 3-5 мүнөттөн соң жууп салыңыз. Бул ыкманы эки жумада бир кайталап туруу сунушталат.


Жашылча-жемиштерди өңдөрүнө карап тандаңыз

Кызыл өңдөгү жашылчалар (кызылча, болгар калемпири, помидор) кандын айланышын жакшыртып, ишке жөндөмдүүлүктү арттырат. 


Иммунитетти кантип көтөрүү керек?

Иммунитеттин төмөндөп кетишинен улам ар түрдүү оорулардын келип чыгышы баарыбызга маалым. Ден соолугуңузга кам көрүп, иммунитетти көтөрүү үчүн төмөндөгү маалыматтарга көз чаптырыңыз.


Суюк чачтаргака кам  көрүү

КАРТОШКА МАСКАСЫ

Бир чоң даана картошканы сүр­гүчтөн өткөрүп, ширесин сыгып аласыз. Ага эки кашык алоэ ширесин аралаштырып, чачтын түбүнө жакшылап сүртүңүз. Бир саат кармап, анан жууп салсаңыз болот. Бул масканы жумасына бир жолу жасап турсаңыз өз натыйжасын берет.   


Төмөнкү азыктар рак илдетин алдын алууга жардам берет

Козу карын

Козу карын – рак менен күрөшүүдө натыйжалуу азык. Мындан 6 миң  жыл мурун кытайлар азиат козу карындарын көптөгөн ооруларды дарылоо үчүн колдонушкан. Биздин организмибизге пайдалуу козу карындар бир нече сорттон турат. Мисалы, аларга шиитаке, рейши, вёшенкалар кирет. Тамак-ашка козу карындын өзүн же андан даярдалган атайын кошулмаларды колдонууга болот. Азия козу карындары рак клеткаларынын өсүүсүн токтотуп, өзүнөн-өзү жок болуп кетүүсүн камсыздайт. Бул көптөгөн байкоо жүргүзүүлөрдүн негизинде такталган.


Ашкабак торту

Керектелүүчү азыктар?

 Ун

Шекер: 1 чоң кашык

Каймакмай: 100 гр

Жумуртка: 2 даана

1 жумуртканын сарысы

Сүт: 2 чоң кашык

Ашкабак: 400 гр

Суюк каймак (сливки): 100 мл

Коюулатылган сүт (сгущёнка): 200 гр

Туз: татымына жараша


Помидор ширесин косметологиядагы ролу

Үй шартында сыгылган помидордун бир чай кашык ширесине бир жумуртканын сарысын кошуп  жакшылап аралаштырасыз. Даяр болгон масканы бетиңизге жаап, 10 мүнөттөн соң жууп саласыз. Бул ыкма терини жумшартып, эрте бырыш түшүүдөн сактайт.


Эс тутумду жакшыртуу учун жана мээнин жакшы иштөөсүнө төмөнкү азыктарды пайдаланыңыз

Шоколад

Шоколад акылды көп талап кылган жумуштагылардын мээсинин иштөө жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Ылдамыраак ойлонууга, бир нерсени тез эске тутууга жардамы чоң.


Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79