wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Кыргызча

Баткенде имамдар иш кагаздарды туура жүргүзүүнү үйрөнүштү

Баткен облусундагы имамдарга иш кагаздарын туура жүргүзүүнүн жол жоболору үйрөтүлдү. Анда иш кагаздарынын юридикалык аткарылышы, расмий кагаздардын кириш-чыгышы жана журналдарды түзүү боюнча маалыматтар берилди. 


Арыктоону кааласаңыз жашыл кофе жардамга келет

Жашыл кофе - бул маанайды жакшыртат. Башкалардан айырмасы, куурулбаган кофе. Ошондуктан 2000 ден ашык макро жана микро элементтер сакталып калган. Бул кофе толуп кеткен айымдар менен мырзаларга сунушталат. Составында 7% хлороген кычкылы болгондуктан организмдеги майларды, туздарды, шлактарды айдап чыгаруу менен арыктатат. Сыйкырдуу жашыл кофени көптөгөн Голливуд жылдыздары колдонушат. Жашыл кофе ашыкча майларды диетасыз, гимнастикасыз кетирет. Бул кофе боюнда бар аялдарга, жаш балдарга журок оорусу, сахар оорусу менен ооругандарга сунушталбайт. Ошондой эле косметика катары да колдонулат:


Баткендеги эркиндик эстелиги оңдолууда

Буга чейин айкелдин мрамор таштарынын эскилиги жетип оңдоого муктаж болуп калган эле. Учурда мэрия тарабынан каражат ажыратылып, керамогранит таштарынан жасалган плиткалар орнотулуп жатат.


Жалал-Абадда өрт чыгымдары өстү

Жалал-Абад облусунда өрт кырсыгынан келтирилген чыгым беш эсеге өстү.  2016-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен облус аймагында  378 өрт катталып, материалдык чыгым 184 млн сомдон ашкан. Тилсиз жоонун кесепетинен 4 атуул каза таап, экөө жараат алган. Көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 учурга көбөйгөн.


Боом капчыгайында таштар кулатылат

10-октябрдан 14-октябрга чейин Боом капчыгайында таштар кулатылат. Бул иштер автоунаа жана темир жол каттамдарына коркунуч жараткандыктан улам жүрүүдө. Мындай маалыматты   “Кыргыз темир жолу” ишканасы билдирди деп жазат “Азаттык”. 


Рок жанрындагы музыканы уккандар кандай мүнөздүү болушат?

 

Музыканы кээ бирибиз көңүл көтөрүү, дагы бирибиз жымжырттыктан качуу, башкалар спорт менен машыгууда алаксыш үчүн же жүрөктөгү жагымсыз сезимдерди унуткаруу үчүн угабыз. Айтор, себептери көп. Бирок ар адамдын музыкага болгон табити ар башка. Мисалы, сиз эс алуу үчүн классикалык музыканы жактырсаңыз, жаныңыздагы адам ошол эле максатта рок стилиндеги музыканы угушу мүмкүн. Көрсө, бул нерсе адамдын кулк-мүнөзүнөн да көз каранды экен.

Рок- 1970-жылдардын башында Улуу Британияда пайда болуп, 1980-жылдары дүйнө жүзүн каптаган. Бир уккан адамга абдан оор, мээни чарчатып жиберчүдөй сезилген музыканын бул түрүн сүйүүчүлөр да миллиондоп саналат. Мындай өзгөчө табити бар адамдарды жалгыздыкты жактырган, түнт деп сүрөттөп жүрүшөт. Бирок белгилүү психологдор мындай мүнөздөмөнү жокко чыгарышат.


Ош шаарынын айрым көчөлөрүндө свет өчөт

Ош шаарында бүгүн, 6-октябрь күнү электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу “Ынтымакка” “Ошэлектро” ишканасынын маалымат катчысы Талгат Алиханов билдирди.

Өчүрүү элект тармактарында оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болуп жатат.


Казакстан окуучулары аттестат менен бирге айдоочулук күбөлүк ала баштайт

Казакстандык окуучулар аскерге даярдоо сабагында автоунаа айдаганды үйрөнүшөт. Бул туурасында билим берүү жана илим министри Ерлан Сагадиев билдирди.


Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79