wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Эгер бетиңизди агартып жаш көрүнгүңүз келсе, алманы азыраак сүткө бышырып бетиңизге жылуулай жабасыз да 20 мүнөттөн кийин муздак суу менен жууп коёсуз.

Жарты лимондун ширесине бир чай кашык балды аралаштырып бетиңизге сүртүңүз.  Бул маска бетиңиздеги тактарды жана кара чекиттердин жок болуусуна жардамчы. Нукура бал бетиңизди азыктандырып сергилгич кылат. Жыйынтыгы көпкө күттүрбөйт.

Өткөргүчтөн бадыраңды майда кылып өткөрүп аласыз. Бадыраңдын үстүнө 1 чай кашык лимон ширесин кошосуз. Масканы бетиңизде 20 мүнөт кармайсыз.  Бадыраңдан эки тоголок ичке кылып кесип алып, эки көзүңүзгө койсоңуз, көзүңүздүн чарчоосунан арыласыз.  20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп, бет май сүйкөп коюңуз.

Кургатылган ромашка гүлүнөн лосьон жасап пайдаланып жүрсөңүз бетке чыккан безеткилерден арыласыз. Ал үчүн кайнак сууга 15 мүнөт демдеп коёсуз. Аны менен бетти жууп, тазаласа пайдалуу.

Бир лимондун жарым ширесине  жумуртканын агын аралаштырып беттеги тактарды кетирүү үчүн батыраак даярдала турган маска даярдаса болот.  Масканы бетке сүйкөп, 10 мүнөт өткөн соң жылуу суу менен жуу керек. Бул маскада лимон бетти агартуучу касиетке да ээ!

Последнее изменение Четверг, 23-марта, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79