wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Этти ысык эмес, муздак сууга салыңыз, болбосо эт өзүнүн түсүн өзгөртүп жиберет жана бышканына карабай чийкидей көрүнүп тура берет.

Этти жай отко кайнатса даамдуу болот.

Эгер эт катуу болсо, ал кайнап жаткан шорпого 1 чай кашык уксус кошуп коюңуз. Ошондо эт жумшак болуп бышат.

Куурдакка да бир аз уксус кошуп койсоңуз, куурулган эт ширелүү, даамдуу болуп бышат.

Пияз кошулган фарш тез бузулат.

Манты каскандын мискейиндеги сууга бир аз туз кошуп койсоңуз, манты батыраак бышат жана даамдуу болот.

Мурункудан калган паалоону жылытууда казандын түбүнө ысык чайдан бир аз куюп койсоңуз, ал палоого жаңы эле бышкандай түр берет.

Эгер жумуртканын сыртында жаракасы болсо, аны туздуу сууга салып бышырыңыз.

Тамак кылаарда казанды сөзсүз түрдө какшытыңыз. Бул ашыкча жытты жок кылып бактерияларды жана микробдорду өлтүрөт.

Куурулган картошканын жакшы болуп бышышын кааласаңыз, кууруп жатканда казандын үстүн жаппаңыз.

Эт кошулган салат жасасаңыз, этти алдын ала кайнатып алып, муздаган соң анан башка азыктарга кошуңуз. 

Последнее изменение Пятница, 24-марта, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79