wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Мисвак – бул ооз көңдөйүнүн тазалыгы жана Жараткандын ыраазычылыгы    Египетте өткөрүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Арак дарагынын бутагы (тиш тазалоочу мисвак) тишти агартып, тазалап гана тим болбостон 2 күндүн ичинде эле бактерияларды өлтүрүп таштаары маалым болгон. Мисвакты бир эле жолу колдонгондо ооздогу бактериялардын бир эле түрүнүн саны 75%га азаят. Мисвакты щетканын ордуна колдонгондордун айтымында адамдын тиштери мурдагыдан да агыраак болуп, жаркырап турат.  

 

Ошондой эле Иллинойс университетинин илимпоздору 7 жылдык изилдөөнүн жыйынтыгында тиш тазалоочу таякчада тишке курт түшүүсүнө каршы, бактерияларды азайтуучу алты химиялык затты аныкташкан. Андан сырткары мындай түрдөгү дарактардын кээ бирлеринде тишке курт түшүүгө каршы фтор бар.  Айтмакчы, көпчүлүк Африка өлкөлөрүндө тишти тазалоочу “таякча сагыз” чайнашат. Чыгыш Африкада Salvador persica дарагынын бутагын, колдонушат. Мындай бутакчаларды колдонгон африкалыктарда тишке курт түшүү көйгөйү аз. 


Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79