Мурун бүткөндө: Кир самындын суусу менен мурун бүткөндө аны ачууга болот. Ал үчүн кебезди көбүк сууга малып, аны мурундун тешигине салып мурдуңузду тазалайсыз. Алгач бир аз жагымсыз болгону менен 2-3 процедурадан кийин эле мурдуңуз ачылып кетет.
Ит тиштесе: Ит тиштеген учурда инфекция кирип кетүү коркунучунан кир самын сактайт. Кан бир аз аккандан кийин (кан менен кошо бактериялар, иттин шилекейи агып кетсин) кир самындын көбүк суусуна чыланган бинтти тиштелген жерге коюп, үстүнөн байлап салуу керек.
Ооз көңдөйү жагымсыз жыттанганда: Мындай учурда самын сууга тиш щёткаңызды салып, түнү менен коюп коюңуз. Эртең менен андагы бактериялар жоголуп калат.
Бут жагымсыз жыттанганда: Күндүн ысыгында грибоктун айынан бут жагымсыз жыттана баштайт. Мындай учурда күн сайын бутту кир самын менен жууп, анан салаалардын арасына, таманга йоддон сүйкөп алуу керек.
Күйүктө: Жалынга же кайнак сууга күйгөндө дененин ошол жерине кир самындан сүртүп, кургатыңыз. Мындан кийин күйүк бат айыгат жана андан так калбайт. Гинекологиялык ооруларда.
Шишип кеткенде: Кир самынды сууга салып эзип, ботко түрүндөгү бул аралашманы жаракат алган жерге сүртүп турууда шишиктен жана көгөргөн жерден арыласыз