wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Ваннанын жана раковиналардын таптаза болушу үчүн кадимки эле тазалоочу каражатка уксус кошуп койсо жакшы чыгат.

Кафелди тазалоо үчүн сода кошулган суу менен жууп, кургаткан соң, спиртке малынган кебез менен аарчып койсо жалтырап калат.

Полдогу кичинекей тактарды кетирүү үчүн сууга уксус кошуп тазаласа жакшы чыгат.

Хромдолгон крандар убакыттын өтүүсү менен карарып кетет. Аны мурдагы калыбына келтирүү үчүн парафинге нымдалган кебез менен сүртүңүз.

Ваннанын ичи жалтырап туруусу үчүн 15 күндө бир ысык уксус менен тазалаңыз. Уксусту кайнаткан соң ваннанын ичине төгүп, кебез менен жакшылап сүртүңүз. Андан соң суу менен жакшылап чайкап коюу керек.

Эгер ак түстүү кийимдерди сууга салып кайнатсаңыз, ага жумуртканын кабыгын кошуп койсо кардай аппак абалга келет.

Суук күндөрү жууган кийимдер тоңбош үчүн кийимди чайкап жатканда сууга бир аз туз кошуп коюңуз.

Дубалга кагылган жөнөкөй же бурама мыктын заңдап кетпөөсү үчүн түссүз лак менен лактап койсоңуз болот.

Жаңы алган килемиңизди 6 жумага чейин чаң соргуч менен тазалабаңыз. Атайын щётка менен гана тазалап турган оң.

Килемди 3/4 бөлүгү жылуу суу, 1/4 бөлүгү спирт болгон аралашма менен щёткалап тазаласа, кургагандан соң жапжаңыдай болуп калат. 

Последнее изменение Пятница, 27-января, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79