wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Колдун жарылуусу көпчүлүк учурда кыштын суугунда күчөйт. Мындайда эң жеңил болгон пайдалуу ыкмаларды жасап көйгөйдөн арылууга болот.  

 

Кол терисин жабыркатпоо үчүн пайдалуу кошулмалары бар крем колдонуңуз. 2 литр жылуу сууга, 1 чай кашык спирт, 1 чай кашык глицерин кошуп ысык ванна жасасаңыз колду назик жана чоюлчаак кылат.

Кол териси катуу болуп калганда ачытылган капустанын ширеси менен сүттүн сары суусун аралаштырып, 15-30 мүнөткө кармоо керек.

Жумшартуу үчүн 1-2 аш кашык апельсин ширесине 2 чай кашык балды аралаштырып кол үстүн жаап, 10 мүнөттөн кийин жууп салыңыз.

Бирдей өлчөмдөгү пияз, бадыраң ширелери колдун агаруусуна шарт түзөт. Колуңуздун териси кесилип же кургап кетсе, сууга бышкан картошканы эзип, ага 1 аш кашык сүт кошуп алып, жылуу бойдон колго 10 мүнөт жабуу зарыл. 

Колдун кубарган жерин кетирүүдө чийки картошканы кыргычтан өткөрүп, вазелин кошуп алып  кол үстүнө сүртсөңүз натыйжалуу таасирин берет. 

Последнее изменение Понедельник, 23-января, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79