wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Ар бир кесиптин падышасы аталган мугалимдик кесипти аркалай билүү да түгөнгүс байлыктын бири болуп саналаары чындык. Таалим тарбия берүүнүн ары түйшүктүү эмгек жолу менен окуучулардын жүрөгүнөн түнөк табуу да оңой эмес. Балакатка жетип, инсан катары калыптангандан соң мугалимдин эмгегин баалап, сый көрсөтүү адам затына тийиштүү болгон эң башкы асыл сапаттын бири.

Бүгүнкү биз сөз кыла турган каарманыбыз Кара-Суу районуна караштуу  №37 Түгөлбай Сакыев атындагы орто мектептин география мугалими Канайым Айдаровна болмокчу. Өз кесибин ардактап, ийгиликти багындырууда жаштарга үлгү болоор деген тилек менен Канайым айымдын карьерасындагы жоопту жана кызыктуу белестер, үй-бүлөсү тууралуу дидарлаштык. 

 -Канайым апа сиз көп жылдар бою мугалимдик кесипти аркалап келе жатасыз. Бул убакыт ичинде эмнелерге жетише алдым деп ойлойсуз?

- Негизги багытымдын эң маанилүү милдети болгон мектеп балдарына идеялык саясий, нравалык жана эстетикалык тарбия бере алдым. Бул менин эң чоң жетишкендигим. Кандай гана иш болбосун ага бир жактуу карабастан, чыгармачыл мамиле жасоо керек. Билим берүүнүн изги жолунда эмгектенип келе жатканыма 30 жылдын жүзү болуп жатат. Бул аралыкта кесибимди үзгүлтүкө учуратпай дале болсо окуучулар менен тыгыз байланыштамын. Себеби менин өмүрүмдүн бир бөлүгү жеткинчек балдарга  багышталгандыктан, окуучуларга таттыктуу тарбия берүү бул менин негизги милдетим.

- Ар балада ар кыял, ал кыяды ким тыяр демекчи окуучуларга тарбия берүүдө кыйынчылыктар жаралбайбы?

- Биздин мектепте окуучулардын сабака болгон кызыгуусу эң жакшы. Мугалим психолог болот эмеспи баскан тургандарына көңүл бөлүп, ал тургай аларга эмне жагат, эмне жакпайт баарын билем. Ошондуктан мен үчүн балдар менен иштешүүнүн кыйынчылыгы жок.

- Чыгармачыл адамдарды бат эле сындырып коюуга болот деген сөздөр бар буга кандай карайсыз?

- Ооба, чыгармачыл адамдар абдан сезимтал, жумшак келишет да. Аларды сындырыш өтө жеңил. Бирок, чыгармачыл көп адамдар көр пенделиктен жогору чыгып кетишет. Мен өзүм азыр көп нерсеге бийиктиктен карап калдым. Анан адамды түшүнүү, кадырлоо, деген улуу касиетти бекем тутушубуз керек деген ойдомун. Ошон үчүн бардык нерсе адамдын өзүнө көз каранды. Адамдын адамгерчилиги, башкаларга жасаган мамилеси сөзсүз түрдө өзүнүн жолун ачып берет. Демек иш билги жөндөмдүүлүк, башкаларды түшүнө билүү ийгиликке көмөктөш болуп берет.

- Карьера жагынан коом ордунда өз ордуңузду таптыңыз, эми сөздү жеке жашооңузга бурсак?

- Алты балам бар. Төрт кыз, эки уул. Жолдошум экөөбүздүн баш кошконубузга  отуз беш жыл болду. Кесиби боюнча мугалим.  Кыздарым кичине кезинде үйгө жалгыз таштап коюп, мектеп жумушу менен көбүрөөк убара тартып калчумун. Ошондо күтүүдөн көңүлдөрү калганбы, келечекте мен мугалим болбойм деп улуу кызым көп айтчу. Менин каалоом боюнча кызым мугалимдик кесипти жогорку окуу жайдан бүткөнү менен, азыр башка тармакта иштейт. Бирөө да биздин  кесипти улаган жок. Уул балдарым доктор, кичинекейим мектепти ушул жылы аяктайт.

                                        Биз менен ачык түрдө маектешкениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз.

                                        Уул-кыздарыңыздын убайын көрүп, эмгектин айкын жолунда дагы көптөгөн ийгиликтерди жаратууңузга тилектешпиз.

 

 

 

 

 

 

Последнее изменение Четверг, 10-декабря, 2015

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79