wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

“Ынтымак” телерадиокомпаниясынын «Назар» берүүсүндө АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси Ричард Майлз келип маектешти. Биздин өлкөгө келгенде аны кайсыл мамлекетке барбасын, революция же тополоң чыгарганга адистешкен инсан катары сыпатташып, жергиликтүү Жалпыга маалымдоо каражаттарында сынга алышкан. Ушул суроого өзү жооп берди. Бүгүн биз анын маегин жарыяладык.

 

-Саламатсызбы, урматтуу элчи мырза, алгач маегибизди биздин өлкөдөн алган таасирлериңиз менен баштасак...

-Саламатсыздарбы? Мен мурда Кыргызстанга келген эмес элем. Бирок жубайым келген. Ал мага бул өлкө канчалык кооз экени тууралу көп айткан. А чындыгында ошондой экен. Анан мен келгенден бери Бишкектин сыртына чыга элек элем. Бул менин Бишкектен башка шаарга чыккан биринчи сапарым болууда. Бирок борбор шаардан чыгып, Ала-Арчага бир жолу барып келдим. Силер билсеңер да, Ала-Тоо Бишкектин түштүк жагында жайгашкан, ал жак аябай кооз. Анан бүгүн ошол тоонун үстүндө учтум. Мурда да көп уккамын: “Кыргызстан тоолуу өлкө”,-деп аны эми өз көзүм менен көрдүм.

-Кыргызстанга убактылуу элчи болуп келгениңизге аз эле болду, азыр кандай иштерди аткарууну пландап жатасыз?

-Бул жакка эки жумуш менен келдим. Биринчиси – өзүбүздүн элчиликти башкаруу, анан биздин саясатты кайсыл нукта баратса, ошол жолдо башкаруу. Бул иш мурда кандай болсо, азыр деле ошол бойдон калат деген үмүттөбүз.

 

Биздин элчилигибизди көпчүлүгү АКШнын мамлекеттик департаменинен түзүлгөн деп, ойлошот. Бирок андай эмес. Элчиликтин кызматкерлеринин аз эле бөлүгүн түзөбүз. Бизде деген Эл аралык өнүгүү агенттигинин өкүлдөрү бар, андан сырткары, аскердик атташенин бөлүмү бар, ошондой эле АКШнын айрым агенттиктеринин өкүлдөрү бар.

 

Мисалы: баңги заттар менен күрөшүү бюросунун кызматкерлери. Демек, биз, азыр жаңы дубалды куруп жатабыз. Ошондуктан, элчиликти башкарууда менин ишимдин жарымын эле түзөт.

Ал эми, жумушумдун экинчи бөлүгү, бул – Кыргызстандын өкмөтү менен өзүбүздүн сүйлөшүүлөрдү улантуу. Андан сырткары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр менен ишибизди улантуу. Мисалы ушул эле Ошко жасаган иш сапарымдай.

Негизинен сиздердин мамлекетиңиздер демократиялык принциптерди карманып иштейт. Азыркы кезде мен, Өкмөт башчы, Тышкы иштер жана Экономика министрлери менен жолуктум. Андан сырткары, Жогорку Кеңештин Тышкы иштер боюнча комитетинин төрагасы, Акыйкатчы жана саясий уюмдардын өкүлдөрү менен да жолуктум. Расмий эмес жолугушууларды айтсак, адам укугун коргоо боюнча уюмдардын жана диний чөйрөдө иштегендердин өкүлдөрү менен да жолугушуулар болду. Анан ошентип атып эле, ар бир иш күнүм ушунтип бүтүп калат.

-Дегеле Кыргызстан тышкы саясатта көп векторлуу иш алып барат. Азыр Бажы биримдиги менен Е АЭСке кошулганы жатат. Ошол эле учурда Дүйнөлүк соода уюмуна да мүчө, КМШ мамлекети менен активдүү катнашуу менен бирге, Борбор Азияда биринчилерден болуп парламенттик системаны киргизүү, эркин шайлоолорду өткөрүү менен демократиялык баалуулуктарды тутунуп келүүдө. Бирок ошого карабастан, айрым эксперттер азыркы кезде Орусия менен болгон карым-катнаш көбүрөөк өнүгүүдө деген ойлорун айтышууда. Ушул өңүттөн алып караганда, эми биздин өлкө менен АКШнын кызматташуусу кайсыл багыт боюнча өнүгөт?

-Менин оюмча позитивдүү жолдо барат. Апрелдин башында Вашингтондо эки тараптуу сүйлөшүүлөр болоору пландалган. Кыргызстандын президенти БУУнун Генералдык ассамблеясынын жыйынына катышам деген ою бар. Жакында эле президент Атамбаев Европалык мамлекеттерге расмий иш-сапары менен барып келди. Менин оюмча мунун баары сиздердин мамлекеттин АКШ жана Батыш мамлекеттери менен болгон мамилелердин жакшы нукта иштешкенине шарт түзөт.

 

Сиз, Евразиялык экономикалык жана Бажы биримдиктери, ошондой эле Дүйнөлүк соода уюму жөнүндө айтып кеттиңиз. Мен ЕАЭСке Кыргызстан кире турган болсо, сиздердин мамлекет экономикалык жактан жакшы мүмкүнчүлүк алат деген үмүттөнөм.

 

Биздин бир гана кооптонуп жаткан жерибиз, ал – Дүйнөлүк соода уюмунун алдындагы милдеттенмелериңер менен ЕАЭСтин милдеттенмелеринин ортосунда конфликт болбосо дейбиз.

-Сизди революция кылганга адистешкен инсан катары жергииктүү Жалпыга маалымдоо каражаттарында сыпатташууда. Коомчулукта түрдүү сын пикирлер да айтылып жатты, ушуга кандай комментарий бересиз?

-Мен, Кыргызстандын айрым Жалпыга маалымдоо каражаттарына маек берип келем. Ошол жакта да ушул маселелер боюнча сүйлөшкөнбүз. Ошондо айткамын, кайсыл жерде кандай саясат болбосун, анын аркасында бирөөлөр бар, ар кандай ойлору менен түрдүү иштерди жасап жатышат деп ойлошот. Бирок андайлардын 99,9 пайызы жалган.

Чынын айтканда, мен иштеген мамлекеттердин ичинде жүз берген окуялар – биринчиден ошол өлкөнүн коомчулугунун жасаган аракеттери болгон, бирок анын артында Американын эч кандай саясаты жок. Мен дипломатиялык кызматка кирээрдин алдында 3 жыл жарандык укуктарды коргоо боюнча уюмда иштегемин.

 

Грузиядагы "Роза революциясын" мени уюштурган деп айтып жүрүшөт. Ал революцияга алып келген 2 нерсе болгон – биринчиси: Шеварднадзе башында турган өлкөнүн салыктарды толук жыйнап алганга күчү жетпегени анан ошол салыктар менен пенсияга окшогон төлөмдөрдү аткаруудагы пикир келишпегендиги болгон.

 

Ал эми экинчиси – парламенттик шайлоодо Шеварднадзе шайлоолорду ачык өткөргөн эмес. Ал ар кандай көз боемочулуктарды жасап, шайлоолорду туура эмес өткөргөн. Анан эл көчөгө чыкты. Анткени, ошол шайлоолорду туура эмес өткөргөнүнө каршы чыгышты да. Ошол убакта пенсиялар төлөнбөй турган, Өкмөттүк түзүмдөрдө иштегендер коррупцияга батып кеткен, ГАИ кызматындагылар ар 200 метрде эле 1-2 доллар пара алып турушкан. Инфраструктураны тишелүү деңгээлде алып бара алышкан эмес. Ушул маселелерде менин кандай тиешем болмок эле? Же ошол эле Американын кандай тиешеси болушу мүмкүн? Эч кандай тиешеси жок болчу. Ал – Грузия элинин нааразычылыгы болуп, бул көйгөйлөрдү кандайдыр бир жол менен чечебиз деген ойлору болгон.

-Кыргызстанда сөз эркиндигин колдоо боюнча кандай иштер аткарылат?

-Менин оюмча Кыргызстанда сөз эркиндиги жогорку деңгээлде турат. Бирок, ар бир коомдо адам укуктарына байланыштуу мыйзамдарды аткарууда айрым тоскоолдуктар чыгат. Андан сырткары, кандайдыр бир өлкө экономикалык трансформация же демократия жолунда турса, ал дайым түз жолдо болбойт. Ал деген бир кадам алдыга жүрсө, бир кадам артка таштайт, бир кадам оңго болсо, бир кадам солго болуп кетет.

Бизде мыйзам үстөмдүүлүгүн орнотуу боюнча ар кандай программалар бар. Алар сот тармагын, Кылмыш жаза кодексин жакшыртуу боюнча програмалар. Ошондой эле аялуу деп, чет элдик агенттер боюнча, салтуу эмес сексуалдык байланыш, диний ишеним жөнүндө мыйзамдар эсептелет. Бул кылдат каралуучу маселе. Эл аралык уюмдун мүчөсү болгон Кыргыз Республикасынын өзүнө алган милдеттемесине кайчылаш болуп жатат.

 

Мен түшүнөм, парламенттик системасы бар кайсыл бир мамлекет болбосун, бир жагынан өкмөттү башкаруу, экинчи жагынан коомдогу көз карашка таасир этүү деген маселелер парламенттин лидерлери менен өкмөттүн ортосундагы мамилелерди кыйындатат.

 

Дайым эле кыйынчылыктар курчуп турат. Башкача айтканда – бул көйгөйлөрдү Кыргызстан чечиш керек!

-Маегиңиз үчүн рахмат, ишиңизге ийгилик!

 

 

Эскерте кетсек, Ричард Майлз АКШнын Кыргызстандагы убактылуу элчиси болуп, ушул жылдын 13-февралында дайындалган.

Последнее изменение Четверг, 16-апреля, 2015

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79