wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Жол кырсыгынан бир же эки адам каза тапты деген маалыматтар Кыргызстанда күнүнө жаңыланып турат. Мындай кабар жаңылык деле болбой калгандай өңдөнөт. Бирок тынымсыз кайталанып турган жол кырсыктары жылына миндей мекендешибиздин өмүрүн алат.

2004-жылдан 2013-жылга чейин ушул өңдүү кырсыктар 10 миң мекендешибиздин өмүрүн алган. Муну Улуттук статистика комитетти да тастыктаган.

Өткөн жылы Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институт жол коопсуздугу боюнча изилдөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында Кыргызстан Европа жана мурдагы советтик 53 мамлекеттин арасынан адам өмүрү кыйылган, ден соолугуна залака тийген жол кырсыктарынын саны боюнча экинчи орунда тураары аныкталган.

Кыргызстандыктар бир гана өлкө ичинде эмес чет жактарда да кырсыккы учураган учурлар арбын. Көбүнчө Оруссия менен Казакстандын аймагында катталган жол кырсыктарынан каза болушат. Мындай кырсыктардын бири ушул жылдын январь айында катталып, төрт жаран каза болду.

“Yntymak.kg” сайты чет жактагы катталган эң ири кырсыктарды тизмектеди. Анда 2012-жылдан тарта жүз берген жана эң көп адамдын өмүрүн алган кырсыктар гана алынды.  

Жол кырсыктары барган сайын өсүп жатканын адистер тынчсыздануу менен белгилешет. 2015-жылга караганда өткөн жылы кырсык жүз берген учурлар 8 пайызга өскөн. Ошол эле учурда кырсыктардын алдын алуу үчүн бир катар себептерди аныкташып, бул аракеттерди жасабоого айдоочуларды чакырышат.

            

Жогорудагы көрсөтүлгөн себептердин дагы бири катары айдоочулук күбөлүктү сатып алууну белгилешет. Анткени кыска убакыт аралыгында окуудан өтүп, эрежелерди толук өздөштүрбөйт дешет. Оштогу ДОСААФ мекемесинин жетекчиси Абдумитал Кадыровдун пикиринде, кырсыкта тажрыйбадан дагы кайдыгерлик мааниге ээ болуп жатат.

 "Айдоочу эң алгач жоопкерчиликти сезүу керек. Азыр айдоочулардын дээрлик көпчүлүгү жүргүнчүнүн жоопкерчилигин сезишпейт. Телефондо сүйлөшүп же болбосо бир канча жүргүнчүнү салып алып катуу ылдамдыкта айдашат. Кырсыкты токтотуу үчүн кайдыгерликти калтырып, жоопкерчиликтүү болушубуз зарыл",-деп түшүндүрдү Кадыров.

 Унаа кырсыктарын алдын алуу үчүн эл өкүлдөрүнүн аракеттеринин бири мас абалындагы айдоочунун күбөлүгүн алуу сунушталган. Ошондой эле эркинен ажыратууну белгилешкен. Бирок бул долбоор колдоо тапкан жок.

Кыргызстанда жол кырсыгы боюнча козголгон кылмыш иштеринин басымдуу бөлүгү аягына чыкпайт. Анын айынан жол кырсыктарынан чапа чеккен жүргүнчүлөрдүн укуктары да корголбойт. Буга айдоочулардын ич ара келишип алуусу себеп. Анын айынан соттук териштирүүлөр создугуп, жүргүнчүлөрдүн укуктары корголбой калган учурлар арбын кезигет.

Мыйзамда жол кырсыктары боюнча козголгон кылмыш иштер үч жыл ичинде чара көрүлбөсө, анда мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу деп кыскарып, жабылууга тийиш.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына таянсак, дүйнөдө жылына жол кырсыгынан 10 млн адам каза табат.

Последнее изменение Четверг, 02-марта, 2017

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79