wrapper

Жаңылыктар

Ваш браузер не поддерживает FlashPlayer или JavaScript.
Курс валют
Погода
 
FacebookTwitterDeliciousMoymirOdnoklassnikiVkcom

Памир кыргыздарынын акыркы ханы Рахманкул хандын кичүү уулу Мусадык Кутлу атасы жана анын ишмердүүлүгү, ошондой эле Памир кыргыздарынын жашоо-турмушу тууралуу айтып бергенин http://pk.kg/ сайты жарыялады. Анын айткандарын биздин окурмандарга биз да сунуштап жатабыз:

-Кыргызстанга орустар келип, кыргыздын жакшы жерлерин басып ала баштаган. Кыргыздар мындайга чыдабай согушуп да көрүшкөн. Бирок орус аскерлеринин күчүнө туруштук бере албагандыктан, качууга туура келген. 1948-жылдары Кытайга качып барганбыз. Анткени Ооганстандын аймагы болсо да, Памирден орустар малды тоноп, элге кол сала баштаган. 4 жыл Кытайда туруп, Мао-Дзе Дундун революциясы башталганда, кайра Памирге кайтып келиптирбиз. Келе жатканда 13-14 кытай аскерин өлтүрүшкөн.

Памир тогуз жолдун тоому болгондуктан, ар кайсы жактан качып келген кыргыздарды Рахманкул хан эч кимге айтпай багып келген. Мындайча айтканда, Памир качкын кыргыздардын эркин жашоо чордону болуп калган. Кытайдан, СССРден бир канча үй-бүлө келип жашаган. 1979-жылы Ооганстанда революция болду. Кыргыздар СССРдин жардамы менен Пакистанга көчүп кетишкен. Пакистанда 1978-1982-жылдарга чейин турдук. Ортодо орустун тыңчылары кошулуп, элди бөлүп жарышкан. Элдин 20 пайызын алдоо жолу менен кайра Памирге алып кетишкен. Биз менен Түркияга өтпөй, кайра кайткандар - азыр Памир тоолорунда кыйналып жаткан кыргыздар. 1982-жылдары Түркиянын чегиндеги Улуу Памир Ван деген жерге 2800дөй кыргыз менен көчүп барганбыз. Учурда ал жактагы кыргыздардын жашоосу жакшы.

Памирдин накта аты Сары-Кол

-Кыргыздын жеринин эң акыркы чеги жана илгертен байырлап келген кыргыздардын мекени Памир болгон. Памир-- стратегиялык аймак. Ал -Кытай, Пакистан, Ооганстан, Тажикстан менен чектешет. Кытай менен Ооганстанды бир гана Памир бириктирип турат. Тибетти басып алса эле дүйнөнү басып алчудай болуп, үч чоң держава Тибетке карай жолду талашышкан. Памир болсо Тибетке эң жакын жол болгондуктан, аны Кытай, Англия жана орус мамлекети үчкө бөлүп салган. Алар Тажикстандагы Мургап, Кытайдагы Кызыл-Суунун Памир бөлүгү жана биз турган жер Ак -Суу болуп бөлүнгөн. Негизи кыргызча аталышы Сары-Кол болгон. Бул жерди Памир деп орустар атап коюшкан. Памир дегени дүйнөнүн чокусу деген маанини билдирет экен. Памир Улуу Памир жана Кичи Памир деп экиге бөлүнөт. Кичи Памирде эл көп жашап, ошолор качкан. Ал эми Улуу Памирдегилер географиялык шарттарга байланыштуу көчө алган эмес. Ашуулар өтө бийик болгон.

Ким басмачы?

-Кайсы бир жылдары журналисттер келип, атамдан “Сиз басмачысызбы?” деп сурап калышты. Ошондо мен атамдын жанында элем. Атам “Бирөөнүн жерин басып алган басмачы болсо, анда орустар - басмачы. Эгер өз элин эркин кылам деген адамды басмачы деп түшүнсөк, анда мен басмачымын” деген. “Жеримди башкага бербейм деген адам басмачы боло турган болсо, анда мен басмачылыкты кабыл алам” деген эле. Мындан сырткары бизге корбашы, чыккынчы деген сөздөрдү көп эле айтышкан. Биз андайларга көңүл деле бурбайбыз.

Кадимкидей эле ата болгон

-Атам бойлуу болгон, эки метрден ашса ашат, бирок андан пас эмес. Көп сүйлөчү эмес, өзү олбурлуу болгону менен үнү ичке болчу. Азыр ойлосом кырдаалды тез түшүнүп, тыянак чыгарган көрөгөч адам экен. Маселе чыкканда аксакалдарды чогултуп, кеңешип, анан чечимди өзү чыгарар эле. Рахманкул кадимкидей эле ата болгон. Ар бир бала атасына кандай эркелесе, мен да атама ошондой эркелечүмүн. Мен атамды хан эмес, ата катары эле элестетчүмүн. Аталардын баарынын мээрими окшош эле болот эмеспи. Атам төрт жолу үйлөнгөн. Биринчисинен балалуу болгон эмес. Экинчиси Эркебүбүдөн 4 уулу бар. Үчүнчүсү Толунбүбүдөн 3 уул, 1 кызы болгон. Төртүнчүсү менин апам Ообабүбү 2 уул, бир кыз төрөгөн. Мен Рахманкул хандын эң кичүү уулумун. Азыр эки энем аман-эсен, учурда жети уул жана эки кызы бар. Мен Кыргызстанда жалгызмын. 1982-жылы Кыргызстанга келип, ушул жактан университетти бүтүрдүм.

Кыргыз салтын унутуп бараткандай

-Түркия чегинде жашаган кыргыздар салтты сакташат. Азыр Кыргызстандагы кыргыздар заманбап жашоо таризин кабыл алып, өзгөрүп калган. Салт менен той өткөргөн кыргызды көргөн жокмун. Көп тойлорго бардым, бирок тост айтып эле тим болушат. Өкүл ата деген сөздүн мааниси да бузулуп калыптыр. Өкүл ата деген кыз тараптан жана бала тараптан да коюлат. Кийин үй-бүлөдө кандайдыр бир маселе чыкса, эки өкүл ата келип, өз ата-энесине жеткирбей маселени чечип коюшат. Мындан сырткары бизде кыз уурдамай жок. Эгер кызды ала качып кетсе, анда кан төгүлөт же кара короо деген нерсе болот. Кара короо деген ошол жердин үйүндө болгон мал-мүлкүн талап кетишет. Алар артынан кууп келе албайт, келсе атып салууга болот. Кыз өзү качып кетсе, анда ата-энеси той бербейт. Никеден башка эч кандай салт жасалбайт. Жесир аялдын никесин кыйгандай кыйылат. Бирок калыңын 2-3 эсе төлөп кетет. Бизде негизинен куда түшүү жолу менен үйлөнүшөт. Кыргыздар урууну шайлоодо эле эстеп калыптыр

-Атам элди жалгыз башкарган эмес, анын жанында төрт бий болгон. Аларды байлыгына эмес, адилеттүүлүгүнө карап шайлаган. Бий болгон менен урууларга да башчылык кылышкан. Мисалы, менин таятам атамдан да бай болгон, бирок бий боло алган эмес. Памирде бардык чыр-чатак салт жана дин менен чечилген. Кыргыздардын уруулук мыйзамы болгон. Уруунун атына шек келбесин деп кедей адамга жардам берип, өзүлөрү менен кошо ала жүрүшкөн. Көрсө азыркыдай курулай эмес, чыныгы намыс болгон экен. Азыр кыргызда уруу түшүнүгүн шайлоонун алдында эле талапкер “мага добуш берсин” деп эстейт экен. Эгер уруулардын арасында жаңжал чыкса, ошол уруулардын башчылары чогулуп чечкен. Кан төгүлө турган маселе болсо, “Куран дос” деген нерсе менен чечилчү. Экөөнүн ортосуна куран китеп коюп, элдештирип койчу. Күнөөлүү киши кой союп, кечирим сурап, экинчисинин колунан өпкөн. Бул эң жаман жаза болгон.

Башкаруунун негизги куралы салт болгон

-Элди башкарууда атам эч кандай деле ыкма колдонбоптур. Кыргыздын негизги мыйзамы салт болгон. Мындан сырткары, айрым адамдарда кудайдан берилген бир сүр болот экен. Ал адамды көргөндө эле эл өзүнөн-өзү баш ийип калат тура. Бирок, албетте, жазылбаган эрежелер болгон. Ошол эрежелердин, салттын чегинен чыкпай, элдин бейкутчулугу үчүн кызмат кылган. Атам ички жана сырткы саясатты жакшы түшүнгөн экен. Ооган чоңдору менен жакшы мамиледе болгондуктан, кыргыздарды аскерге алган эмес. Ансыз да аз эл болсок, аскерге барсак, таптакыр жок болуп кетер белек. Аскерге баргандын ордуна чек араны биз кайтарып беребиз деген экен. Ошону менен үч чек араны: Кытай, Пакистан, СССР чегин кыргыздар кайтарышкан. Биз тоодо жүргөн элбиз деп, Ооганга салык да төлөгөн эмес.

Памирге телефон жеткен

-Телевизордон көрүп алып эле Памирде жашоо жоктой элестетебиз. Алар Памирге кайтпай, биз менен Түркиянын чегине өтүп кеткенде, азыр башкача болмок. Биз кеткенге чейин Памир кыргыздары жакшы жашаган. Кийин акылмандар, аксакалдар азайып, жол көрсөткөн адамдар жок болуп калгандыктан, азыр памирдегилер кыйналып турат. Биз ошол Памирде жашап турганда, көп нерсени таба алчу эмесмин. Азыр памирлик кыргыздар кыйналып жатат деген менен компьютер, телефон, телевизор, күн чырактары бар экен. Мурда бир гана Ооганстандан товар алчубуз. Азыр Кытайга, Ооганга, Тажикстанга катташат экен. Памирде там салса болот, бирок жыгач болбогондуктан, чатырын эле жабууга мүмкүн эмес. Кытайдын чек арасы ачылыптыр, “алып кел” десе эле үйүнө чейин жеткирип берет. Машина деле жүрүп калыптыр.

Апийим болбогондо, памирликтердин жашоосу жакшырмак

-Памирликтер эмнеден кыйналып жатышат? Алар апийим чегип жатышпайбы. Апийим деген баңги заты да, аны чеккенден кийин адам эмне болорун жакшы билесиздер. Ооба, ал жак суук, бирок балдардын оорулуу болушу, өлүмдүн көбөйүшү - ошол апийимдин кесепети. Баасы өтө арзан, алар Ооганстандан сатып алышат. Памирлик туугандар ушул нерседен кутулса эле, жашоосу оңолмок. Буларга жашоонун үлгүлөрүн көрсөтүш керек. Алайга көчүрүп келебиз дешет, мен буга каршымын. Анткени бир тоодон экинчи тоого көчүрүп койгондон не пайда? Андан көрө көнгөн тоосунда жүрө берсин. Интеграция болуш керек, эл жардам берүүгө мүмкүн болгон жерге алып келиш керек. Чүйдүн бир жерине келишсе, эл менен аралашып, акырындан үйрөнүп, көнүп кетишет эле. 2000 кыргызды көчүрүп келүү анчалык деле кыйын болбойт.

Последнее изменение Четверг, 25-февраля, 2016

Комментарий калтырыңыз

Байланыш

Биздин дарек:
Ош шаары, Нурматов көчөсү – 3, 4-кабат

Байланыш телефондор:
+996 (3222) 6-67-30,
6-67-32, 6-65-85, 6-67-79